Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:16

Роза Отунбаеванын жана башка мурдагы элчилердин жактоочулары пикетин улантышты


БИШКЕК. Бүгүн (9-декабрда) Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын жана башка мурдагы элчилердин жактоочулары жана «Ата журт», «Кыргызстан элдик кыймылы»,»Жаңы багыт» кыймылдарынын жана «Кыргызстан элдик конгрессинин» өкүлдөрү Жогорку Кеңештин имаратынын алдында пикетке чыгышты. «Шайлоо адилетсиз башталды», «Отунбаеваны өткөрбөй шайлоо комиссиясы от менен ойноп жатат», «Ар бирибиздин ар намысыбыз Ата журттун ар намысы», «Бизге бийлик эмес, Ата журт керек» деген плакаттар менен транспаранттарды көтөргөн атуулдардын саны бул күнү 150гө жакын болду. Алар түшкө жакын эски аянттан «Айчүрөк» дүкөнүнө чейин жөө жүрүш жасап,аянтка кайра кайтып келишип, митинг өткөрүштү. Митингде сөз сүйлөгөндөр парламентке татыктуу адамдардын келишин эмес, президентке жагымдуу адамдардын келишин көксөгөн бийликтин кысымына каршы бекем тураарын дагы бир жолу билдиришип, атуулдарды биримдиктүү болууга чакырышты.

Ал эми президенттик администрация жетекчисининин биринчи орун басары Болот Жанузаков пикетке чыккандардын талабы негизсиз жана мыйзамсыз деп билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, пикетке элди бийликти алууну көздөгөн бир топ гана адам уюштуруп , мыйзамсыз аракеттерге барып жатат:
- Булар мыйзамды,Конституцияны бузуп мыйзамсыз иштерди жасап жатышат. Аны бир гана саясий топ уюштуруп жатат. Алар шайлоону Конституциянын, мыйзамдын негизинде өткөрөбүз деп жатышат, бирок, өздөрүнүн анык максаты жана кара ою эмне экендигин көрсөтүшпөдүбү! Конституцияга баарыбыз баш ийишибиз керек. Элчилер үчүн бир мыйзам, башкалар үчүн бир мыйзам деген болбойт,- деп билдирди Б.Жанузаков.

Бул күнү пикетке чыккандардын саны 8-январдагы атуулдардын санына салыштырмалуу көп болду жана аларга бул күнү экс-спикер Медеткан Шеримкулов менен жаштар кошулду. «Ата журт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева нааразылык пикети 10-январда да уланаарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG