Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Бахрейн жыйынында Перси Булуңундагы аялдардын тагдыры талкууга алынды


Бүгүн аяктап жаткан жыйынга Перси булуңундагы мамлекеттерден ондогон активисттер катышууда. Алар аялдарга каршы зордукчулукту жана дискриминацияны токтотуунун жолдорун сөз кылып жатышат.

Эки күндүк сүйлөшүүнүн өзөгүн түзгөн маселе - аймакта аялдардын укуктарынын чектелиши, анын ичинде айрым өлкөлөрдө алардын ажырашуу, добуш берүү жана саясий кеңседе иштөө укугунун жок экендиги болду.

Жыйынды аялдарга каршы зордукчулукту жою боюнча алты жылдык өнөктүк жүргүзүп жаткан Эл аралык Мунапыс уюму уюштурууда.

Уюштуруучулар жыйындан кийин Перси булуңундагы мамлекеттердин ар бирине кеп- кеңештер топтомун жибермекчи.

XS
SM
MD
LG