Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Бүгүн (жекшембиде) Кениянын башкалаасы Найробиде Судандын өкмөтү менен өлкөнүн түштүгүндөгү козголоңчулар көп тараптуу тынчтык келишимине кол коюшту. Ага ылайык Африкада эң узакка созулган граждандык согуш токтошу керек. Бирок бул келишим Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү башка бир жаңжалды камтыбайт.

Келишимге кол коюу салтанаты Кениянын башкалаасындагы футболдук стадиондо болду. Документке өкмөттүн атынан Судандын биринчи вице- президенти Али Осман Мохаммед Таха, козголоңчулардан алардын лидерлеринин бири Жон Гаранг кол коюшту.

Окуяга күбө катары Африканын 12 өлкөсүнөн мамлекет же өкмөт башчылар, АКШдан Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл да катышты. Ошентип бул келишимге ылайык Африканын эң узакка созулган граждандык согушу токтошу керек.

Негизинен өлкөнүн түндүгүндө үстөмдүк кылган мусулмандар менен түштүктө жашап анимизмди жана христианчылыкты кармангандар ортосунда жыйырма бир жылдан берки уруштан улам өмүрүнөн айрылгандардын саны 2 миллион деп эсептелет.

Судандын Элдик - боштондук кыймылы деген уюмдун өкүлү Самсон Кваж окуяны мындайча баалады:

- Бул - жеңилденүүнүн, ага катар таяныч алуунун күнү. Биз 20 жылдан бери согушуп келе жатабыз. Муну биздин муундун баары билет, себеби ага чейин да согуш болгон. Биздин муун, биздин балдардын мууну согуштан башка эч нерсени билбейт. Бул эми аяктоодо. Менимче биз кадимкидей эле болуп жашай алабыз. Биздин неберелер кайра согушпайт деп үмүттөнөм.

Соңку согуш оту 1983 - жылы исламчыл өкмөттүн шарият мыйзамын бүткүл Суданда, анын ичинде өлкөнүн мусулмандар жашабаган аймагында да жайылтуу аракетинен улам тутанган эле.

Эми жетишилген макулдашууга ылайык бийлик бөлүштүрүлүп, козголоңчулардын өкүлү, Судандын Элдик-боштондук армиясынын башчысы Жон Гаранг өлкөнүн вице-президенти болот.

Быйыл июль айынан тартып Судандын түштүгү алты жылга автономия статусун алат, андан соң түштүк өлкөнүн курамында калаар-калбасы боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлөт.

Эгер алты жылдан соң мамлекеттин бүтүндүүлүгү сакталса, тараптар биргелешкен куралдуу күчтөрдү түзөт. Мындан сырткары Судандын мунай байлыктарынан түшкөн түндүк менен түштүккө теңме-тең бөлүнмөкчү.

Ал эми шарияттын мыйзамы мусулмандар жашаган түндүктө гана жайылтылат. Анын башкалаа Хартумдагы ордун келечекте өлкө парламенти чечмекчи.

Акыркы 20 жыл ичинде коңшу мамлекеттерге жер которууга мажбур болгон жарым миллиондон ашуун качкын да келишимдин натыйжасында мекенине кайтары күтүлүүдө. Алардан башка 4 миллиондой адам үй - жайын таштап, өлкөнүн ичине эле башка жактарга көчкөн. Эми алар да акырындык менен кичи мекендерине кайтып барышы керек.

Башкалаа Хартумдун тургундары тынчтык туруктуу орносо, жумуш көбөйөт, теңдик болот деп үмүттөнүшөт. Алардын бири Харрон Абдул Мажид:

- Биз согуштан чарчап бүттүк, азыр өтө кубанычтабыз. Себеби Судандын эли ушул мезгилди күткөн. Бул Судан үчүн жаңы жашоо, биз өнүгүүгө жана тынчтыкка кадам шилтеп жатабыз. Судан Африканын өтө маанилүү өлкөсүнө айланат деп үмүттөнөбүз.

Кенияда кол коюлган келишим Судандын батышындагы Дарфур провинциясында мындан эки жыл мурда башталган жаңжалды камтыбайт.

Дарфурда араб тектүү согушкерлер араб эмес калкты куугунтуктоодо. Алардын жаңжаалы суу жана жана башка жаратылыш байлыктарын пайдалануу боюнча узакка созулган пикир келишпестиктерден улам тутунган. Натыйжада Дарфурда да 70 миңдей адам өмүрүнөн айрылып, 1 миллион 700 миңдейи үй жайынан безүүгө мажбур болгон.

Бириккен Улуттар уюму Дарфурдагы жагдайды дүйнөдөгү эң ири гуманитардык кризистердин бири деп атаган эле, уюмдун өкүлдөрү бул жерде кырдаал дагы курчучудай экенин соңку апталарда эскертүүдө.

АКШ болсо Дарфурдагы окуяны геноцид катары мүнөздөгөн жана Судандын өкмөтүнө каршы бир катар экономикалык санкцияларын сактап келүүдө.

Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл жекшембиде Найробидеги салтанатта сүйлөгөн учурунда келишимге кол койгон эки тарап тең Дарфурдагы мыкаачылыктарды токтотуу үчүн тезинен бирге иштеш керектигин белгиледи. Пауэллдин айтымында, Вашингтон Судан менен мамилесин, качан бүткүл өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча жылыш болгон кезде гана, оң жакка өзгөртөт.

АКШнын Суданда атайын кызыкчылыгы бар, ал 1990-жылдардын башында "ал-Каиданын" лидери Усама бин Ладенге жана анын жанжөкөрлөрүнө башпаанек бергени үчүн Суданды террорчулукту колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизилген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG