Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:50

ФРАНЦИЯНЫН “НАПОЛЕН” АЛТЫН МЕДАЛЫ – ТЫНЧТЫКБЕК КОНУШБАЕВГЕ


Өткөн жылдын 20-декабрында Франциядагы эл аралык өндүрүшчүлөрдү колдоо ассоцициясы «Напелон» алтын медалы менен Кыргызстандын «Байтур» корпорациясынын президенти Тынчтыкбек Конушбаевди сыйлаган.

- Тынчтыкбек мырза, жакында эле Францияга барып, «Наполен» алтын медалы менен сыйланып келдиңиз! Сыйлыгыңыз кут болсун. Бул кандай даражадагы медаль? Сизден бөлөк, дагы кимдерге ыйгарылды?

- Былтыр дагы ушул декабрь айында Франциядагы Эл аралык өндγрγштγ колдоо ассоциациясынын алтын медалына татыктуу болгонбуз. Өнγгγп бараткан жана келечектγγ ишканаларды иликтеп көрγп, алар ушундай сыйлыгын ыйгарышат. Өндγрγштγн көрсөткγчγ, салык төлөө, жаңы ыкмаларды колдонуу, бардыгын карап, талдоого алышат. Алардын өкγлдөрγ да былтыр Кыргыз жергесине келишип, бир нече өндγрγш ишканалары менен таанышып чыгып, биздин «Байтур» корпорациябыздын жаңы ачылган «Афродита» айымдар борборунда болушуп, өздөрγ да көрγп, өзгөчө аларга француз ваннасын, дарылык касиети бар таштардын буусу, челектерди көрγп, абдан кызыгып кетишкен.

Ошондой эле чакан мейманкана ачкан элек, анын башкалардан айырмачылыгы жапан жана викинги стили менен өзгөчөлөнтγп жасалгалаган элек. Бири жапан өлкөсγндө болгондой таасир калтырса, экинчиси викингилердин доорун эске салат. Өзгөчө кол өнөрчγлγк менен жасалгаланган болчу. Андан тышкары биздин өндγрγштγ, эмерек жасоочу фабрикада болушуп, иштеп жаткан эмеректердин сапатын дагы текшерип көрγшкөн. Ошондой эле пластик- алюминийден жасалган эшик- терезе, буюмдарды көрγп, биздин иштин натыйжасына карап, эң жогорку «Наполен» алтын медалын ыйгарышты. Мындай сыйлыкка Шериктеш өлкөлөрдөн 7 ишкана татыктуу болсо, ошонун бир - Кыргызстандан биздин «Байтур» корпорациясы болду. Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдγн өкγлдөрγнө да тапшырылды.


- Ушул «Наполен» алтын медалы кандай кырдаалда тапшырылды жана кандай таасирде болдуңуз?

- Өзгөчө быйыл Наполендун 200 жылдык мааракесине туш болгондуктан, зор салтанат менен ыйгарылды. 6 кγндγк атайын программа тγзγшγптγр. Бизди тосуп алышып, мыкты мейманканага жайгаштырып, Франциянын эң кооз жерлерин, шаарлары менен тааныштырып, бир кγнγ атайын сыйлык тапшыруу аземине арнап, оюн-зоок коштолду. Франциянын ишкерлери, банкирлери, эң таасирдγγ мамлекеттик ишмерлеринин катышуусунда бизге сыйлыктар тапшырылды. Мындай «Наполен» алтын медалы учурунда Франциянын президенттерине, премьер-министрлерине жана сенаторлорго ыйгарылган экен. Эл аралык ассоциациянын президенти Бернард Мойсен алтын медалды өзγ тапшырды. Бул өндγрγшкө салым кошкон инсандарга тапшырылуучу жогорку даражадагы сыйлык. Борбор Азиядан бизден бөлөк эч ким ала элек. Кыргызстанды эл аралык аренага таанытканыбыз γчγн абдан толкунданып турдум.

- Тынчтыкбек мырза,өткөн жыл сиздердин ишкана γчγн кандай жыл болду? «Наполен» сыйлыгынан тышкары да байге алган учурлар болдубу?

- Өткөн жыл биз γчγн абдан тγшγмдγγ жыл болду. Өлкөнγн казынасына 5 миллион сомдон ашуун салык төлөдγк. Ишибиздин сапаты да жогорулап, өнөр жайды кеңейттик. Тейлөө кызматында жаңылык ачып, айымдар γчγн «Афродита» деген атайын борбор ачып, конкурска катышып, 7 айдын ичинде эле «жылдын мыкты ишканасы» деген биринчи сыйлыкка татыктуу болдук. Кыска мөөнөттγн ичинде биздин айымдар борбору элге кеңири таанылып, тейлөө кызматынын өзгөчөлγгγ, жаңылыгы менен айымдардын сγйγктγγ жайына айланды. Айымдар өздөрγнγн ден соолугун чыңдап, дарылык касиети бар таштар менен жабдылган ысык буулар, дары чөптөр менен бассейиндерге тγшγп, рахат алууга мγмкγнчγлγк тγзγлгөн.

Ал эми өзγм γчγн бир чоң милдети аткарып, жγрөгγмдγ өйγп жγргөн убаданын соңуна чыгып, бир канаттануу алган иш бγткөрдγм. Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунун алдында Кыргыздын даңазалуу балбаны, алпы Кааба уулу Кожомкулдун эстелигин тургуздум. Салтанаттуу ачылыш аземи 15-декабрда болуп, депутаттар, мамлекеттик ишмерлер, коомчулук өкγлдөрγ катышты. Бул жер биздин спортчулар γчγн чоң мелдештерге чыгаар алдында атактуу балбандын арбагына сыйынып, бата кылып, барган эл аралык таймаштарда, Азия, дγйнө чемпионаттарында Кожомкулдун кγч-кубаты колдоп, Кыргызстандын намысын сактап, Кыргыз туусун көтөрγп, жеңиш менен кайтып келсе, биз γчγн чоң сыймык. Эстелик алды ушундай ыйык жерге айланат деп ишенем.


- Мындан сырткары дага кандай соопчулук, демөөрчγлγк иштерди аткарып жγрөсγз?

- Өзγм суусамырдык болом. Ушул өрөөндө 5 чоң айылда 6 орто мектеп бар. Ошол 6 мектептин эң жакшы баалар менен окуган окуучуларга стипендия берип турам. Андан тышкары өтө жакыр, көп балалуу γйбγлөөнγн балдарына дагы стипендия ыйгарып жγрөм. Yч жылдан бери мугалимдер арасында «жылдын мыкты мугалими» деген конкурс жарыялап, балдарга жакшы билим берип, алдыңкы ыкмаларды колдонуп, чыгармачылык методика менен окуткан мугалимдерге стимул болуп, шык берсе деген тилек менен конкурс уюштургам. Жыл сайын конкурстун деңгээли жогорулап, ийгилик менен өтγп жγрөт. Балдардын билим деңгээли да жогорулап калды, дешет адистер. Кандай сабак берет, классын кандай жабдыган, көрсөтмө куралдары, методикасы баары каралат. Райондук жана облустук билим берγγ бөлγмдөрγнγн кызматкерлери катышкан калыстар тобу өтө кылдат текшерип, жеңγγчγлөрдγ аныктап, акчалай сыйлыктарды ыйгарышат. Бул жакшы салтка айланып калды. Биз мугалимдерди учурдагы кыйын заманда моралдык жана материалдык жактан колдоого алып жатабыз. 25 миң сом өлчөмγндө сыйлык берилет. Биринчи орундан бешинчи орунга чейин сыйлап жатабыз, катышкан ар бир мугалимдин эмгеги калыс бааланып, куру кол кетпейт.

Өзγм мурдакы эркин күрөш боюнча СССР спорт чебери катары, окуу менен бирге спорт тармагын да колдоого алып, мектептерге спорттук жабдууларды тапшырып жγрөм. Ар бир 15 миң сом турган теннис стөлдөрγн 6 мектепке алып барып бердим. Спортко шыктуу балдарды Бишкектеги спорт мектептерине алып келип, чоң спорт менен машыгуусуна шарт тγзγп берип жатам.


- Рахмат, жакшы маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG