Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

ШЕРИКТЕШТЕР КУБОГУНА “ДОРДОЙ- ДИНАМО” КОМАНДАСЫ БАРАТ


Кабыл Макеш, Бишкек. Ар жыл сайын Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондорунун Кубогу Москвада январь айында өткөрүлүп жүрөт. Быйылкы Шериктештер Кубогунда Кыргызстандын намысын Нарындын “Дордой- Динамо” командасы коргойт. Алардын атаандаштары кимдер болмокчу?

Учурда ФИФАнын курамында 232 өлкө мүчө. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992- жылдан бери ФИФАга мүчө катары эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. Ошондой эле он жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Москвада өтүп жүргөн Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна катышып келүүдө. Былтыр Кыргызстандын чемпиону болгон Карасуунун «Жаштык - Ак алтын» командасы Шериктиштик Кубогуна катышып, ийгилик жарата алган эмес.

Быйыл өлкөнүн чемпиондугун жеңип алган Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер Кубогуна катышуу үчүн Москвага 14- январда аттанып кетишет. Алардын атаандаштары «Б» тобунда Грузиянын чемпиону «Джоржия», Өзбекстандын жеңүүчүсү «Пахтакор» жана Литва өлкөсүнүн чемпиону «Каунас» командалары болмокчу. Биринчи беттешүүлөр 15 - январда башталып, 19 - январда чейрек финалдык оюндар болот. Ал эми жарым финалдык беттешүүлөр 21- январда, финалдык баш байге үчүн таймашуу 23- январга белгиленген. Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна Нарындын «Дордой- Динамо» командасы кандай даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкарытов мындай деди:

- Машыгуулар чынында мен ойлогондой болбой жатат. Себеби, «Көкжардагы» жасалма кыртыштуу футбол талаасы кар алдында калып, муз болгондуктан машыгуу үзгүлтүккө учурады. 2 күндөн бери гана толук машыгууга мүмкүндүк болуп, жасалма кыртыштуу талаада оюн өткөрдүк. Москвада дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар болмокчу. Ошондуктан күнүгө 2 маал машыгуу өткөрүп, эс алуудан кийин жигиттерди табына келтирүү аракетинде болуп жатабыз. Москвада атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Калганын мелдеш көрсөтөт.


Эки жылдан бери өлкөнүн мыкты футболчусу аталган, былтыркы чемпионатта атаандаштардын дарбазасына эң көп топ киргизген чабуулчу, «Дордой- Динамо» командасынын капитаны Замир Жумагулов Москвада намысты сактоого аракет кылышаарын айтып, мындай деди:

- Даярдык жакшы. Буйурса жакшы оюн көрсөтүп, кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актоого аракет кылабыз. Атаандаштар да күчтүү командалар. Биз эмнеге жөндөмдүү экенибизди көрсөтүүгө аракет кылабыз.


Футболчулардын машыгуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн команданын мүчөсү Нурзат Кадыркулов айтуу менен футболдун деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгиледи:

- Аз убакыт калды. Дагы даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Машыгуулар үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылып жатышат. Биздин негизги аттаандаштардын чеберчилиги, деңгээли жогору. Кыргызстандагы экономикалык жагдай дагы футболго таасирин тийгизет.


Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары ар жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун «Заман- Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев айтып, быйыл да үмүттү үзбөй турганын мындайча билдирди:

- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишенич акталбай келатат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт бар. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкарытов негизги оюнчуларынан сырткары да башка командалардан кошумча футболчуларды кабыл алууда. Кант шаарынын «Абдыш-Ата» командасынан Эмил Кененсариевди, өлкөнүн жаштар курама командасынан Артем Беревкинди, «РУОР-Гвардия» командасынын дарбазачысы Валерий Волковду жана Казакстандын Петропавловский шаарына кетип калган Кирилл Кеккер менен Сергей Калюбинди «Дордой- Динамо» командасына кошуп, күчтүүлөп жатат. Канчалык деңгээлде күчтүүлөгөнүн алдыдагы таймашуулар көрсөтмөкчү. «Дордойду» сүрөөнгө алуу үчүн «Улуттук Гвардиянын» жетекчиси Абдыгул Чотбаев баштаган күйөрмандардын жоон тобу Москвага барууга камынууда.
XS
SM
MD
LG