Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Париж клубу топон сууда жабыркаган өлкөлөргө кандай жардам берет?


Кредитор өлкөлөрдүн Париж клубу Түштүк Азиядагы топон суудан жабыр тарткан өлкөлөрдүн карызын убактылуу тоңдоруп коюга даяр экенин Франциянын финансы министри Хейве Гаймар жекшемби күнү билдирди.
Гаймар бирок карызды төлөө мөөнөтү канча жылга узартылаарын айтпады.
Жума күнү өнөр жайы мыкты өнүккөн Чоң жети тобуна кирген өлкөлөрдүн финансы министрлери 26-декабардагы цунамиде катуу зыян тарткан өлкөлөрдүн карыздарына мораторий жарыялоо жөнүндө макулдашкан эле.
Чоң жети Париж клубунун 19 туруктуу мүчөсүнүн катарына кирет.

XS
SM
MD
LG