Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Судан өкмөтү жана адаватчылар тынчтык келишимине кол коюшту


Судан өкмөтү жана өлкө түштүгүндөгү козголоңчулар жарандык согушту токтотуу жөнүндөгү келишимге жекшемби күнү Найробиде кол коюшту.
Адаватчылардын башчысы Жон Гаранг жана Судандын вице-президенти Али Осман Тага кол койгон келишим 1983-жылдан бери келаткан ич ара согушка акыркы чекитти коет. Бул согушта, маалыматтарга караганда, 2 миллиондой адамдын өмүрү кыйылган.
Кол коюу салтанатына бир катар өлкөлөрдүн лидерлери, ошондой эле АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл катышты.
“Судандын батышындагы Дарфур чөлкөмүндө дале геноцид жүрүүдөбү?” деген
суроого-Колин Пауэлл:

-Геноцид уланууда деп айтканга менде негиз жок. Бирок, аймакта менин жөнөткөн командам болбогондуктан, кырдаалга жаңы баа бере албайм. Себеби, биз өз баабызды Геноцид жөнүндөгү жобого ылайык бергенибизден кийин Улуттар Уюмунун коопсуздук Кеңешинин комиссиясы иштей баштаган. Дале өз там-жайына кайткан адамдарга кол салынып жаткандыктан, алар лагерлерде баш пааналашууга мажбур болушууда.

XS
SM
MD
LG