Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Махмуд Аббас Палестин автономиясында жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо жеңгенин жарыя кылды.


Аббас - добуш берүү бүткөндөн эки сааттан кийин- Батыш Иорданда тарапкерлери алдында сүйлөп, жеңишин Палестинанын мурдакы көсөмү, ноябрда көз жумган Ясер Арафатка арнаарын билдирди.

Шайлоонун ырасмий жыйынтыгы бүгүн жарыяланат. Бирок, добуш берип чыккан шайлоочулар менен өткөрүлгөн сурамжылоо Аббас 65 проценттен көп добуш алганын көрсөткөн. Демократчыл саясатчы эсептелген Мустафа Баргути үчүн шайлоочулардын 20 проценти добуш берген.

Борборшайлооком добуш берүүгө шайлоочулардын 66 проценттен көбү катышканын маалымдады.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буштун билдиришинче, “палестиналыктар Батыш Иорданда жана Газада -байкоочулар сүрөттөгөндөй- эркин жана адилет шартта жаңы президентти шайлап, демократиялуу келечекти көздөй чечкиндүү кадам ташташты”.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG