Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

БИШКЕКТЕ ӨКМӨТКӨ КАРШЫ ЖАНА АНЫ ЖАКТАГАН АТААНДАШ ПИКЕТТЕР ӨТКӨРҮЛДҮ


Азиза Турдуева, Бишкек шаары Бүгүн (10-январда) Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кыргызстандын мурдагы элчиси Роза Отунбаеванын жана башка экс-элчилердин парламенттик шайлоого катышуу укугун коргоо боюнча нааразылык иш-чарасы улантылды. Бул күнү парламенттин алдына мындай талап менен уюштурулуп жаткан демонстрацияларды сындаган Бишкектин айрым тургундары да беркилерге нааразылык билдирип, атаандаш пикетке чыгышты.

Бүгүн эртең менен саат 9.30дан баштап Жогорку Кеңештин алдына “Атажурт” кыймылынын, “Ашар” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү келе башташты. Алар мурдагыдай эле сары түстү символ катары колдонууда. Андан соң, бул жерге Кыргызстан Элдик кыймылынын өкүлдөрү моюндарына кызгылт түстөгү моюн орогучтарды салынып алышып, келишти.

Мурдагы министрлер Ишенгүл Болжурова, Кулубек Бөкөнбаев, экс-депутат Жыпар Жекшеев, кинорежиссер Болот Шамшиев жана кыймылдын башка мүчөлөрү “Кыргызстанда адилет шайлоо өтсүн”, “Мыйзам бузууларга жол берилбесин” деген сыяктуу ураандар жазылган плакат, транспаранттары менен келишти.

Кыймылдын өкүлдөрү кызгылт түс жеңиштин белгиси деп түшүндүрүштү. Элдик кыймылдын жетекчилеринин бири Ишенгүл Болжурова нааразылык чарасынын максаты жөнүндө “Азаттыкка” мындай деп айтты:

- Биздин максат - өлкөдө шайлоолор акыйкат, эркин өтсүн. Биздин башкы урааныбыз ушул. Бирок, алдыдагы шайлоолор акыйкат өтүшүнө биздин көзүбүз жетпей жатат. Анткени, бийлик азыр жер-жерлерде жабык жыйындарды өткөрүп, мына булар гана өтсүн, тигилер өтпөсүн деген көрсөтмөлөрдү берип жатат. Биз ошону үчүн ушундай акцияларга чыгып атабыз.

Бул күнү пикетчилердин катарларына Таластан келген атуулдар да кошулду. Алардын бири, Талас облусунун Бакай ата районунун тургуну Сатыбалды Өзбеков пикетке келгендигинин себеби тууралуу:

Мен Роза Отунбаева таза, эч кандай жаман иштерге аралашпаган адам деп эсептейм. Ал чет өлкөгө президент Аскар Акаевдин ага ишеним көрсөткөндүгү үчүн барып, өзүнүн элине кызмат кылды. Эмне үчүн ал шайлоого талапкер катары катыша албайт? Катышууга мүмкүнчүлүк берсин. Жеңсе - жеңет. Аны шайлоочулар чечет да.

Саат 11.00лерге жакын калганда президент Аскар Акаевдин реформаларын колдоорун билдиришкен Бишкектин 100дөн ашуун тургуну да парламенттин алдына пикетке келишти. Алардын айрымдары кандай максат, талаптар менен келгендиги тууралуу “Азаттыкка” айтышты. Бишкек шаарынын тургуну Абылкасым Базакечев мындай деди:

- Мени Кыргызстанда Грузиядагыдай же болбосо, Украинадагыдай кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн деген маселе тынчсыздандырып жатат. Кыргыз элинин менталитети башка. Мына ушинтип, негизсиз эле пикетке элди чакыра беришсе, от чыгып кетиши да мүмкүн да. Бизге тынчтык керек.

Ал эми пенсионер Касым Токтосунов болсо “Роза Отунбаеванын укугун коргоо максатында нааразылык иш-чараларын уюштуруу мыйзамсыз” деген көз карашын билдирди:

- Эми Роза Отунбаевага №1 Университет округунун шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкер катары катышууга уруксат бербесе, ал сотко кайрылышы керек да. Мындай пикетке чыгып, элди чогултуунун кереги эмне? Менимче, анын мындай кадамга барганы туура эмес. Мен мисалы, азыркы президентибиздин саясатын колдойм. Мына, элдин жашоосу оңоло баштады.

Ал эми Кыргызстан Элдик кыймылынын өкүлү, “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев бийликти колдоп келген пикетчилердин көпчүлүгү бул жерге өз ыктыяры менен келген жок деген пикирин билдирди:

- Мына көрүп турбайбызбы. Булардын көпчүлүгү бюджеттен айлык алган, бийликке көз каранды кызматчылар. Алар мажбур түрдө алынып келинди. Алардын бизден айырмасы мына ушунда.

Бирок, өкмөттүн иш-аракеттерин колдоп келген атуулдар алар өз эрки менен келишкендиги жөнүндө айтышты:

- Бизди бул жерге келүүгө эч ким мажбурлаган жок. Биз өзүбүз тынчтыкты каалап келдик. Биз Кыргызстанда Грузиядагыдай, же Украинадагыдай кырдаалдын түзүлүшүн каалабайбыз, - деди өкмөтчүл көз караштагы пикетчи Иван Георгиев.

Пикет болгон жерде коомдук тартиптин бузулбашына көзөмөл салып жүргөн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев болсо тартип коргоо органдары коопсуздукту камсыз кылат деп билдирди:

- Эми тигил тарап да, бул тарап да, пикетке чыгып, ой-пикирлерин айтууга укуктуу. Мына биз эки жакты тең, карап, коопсуздуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Эки тарап тең, тынч турушат, биз буга кубанып турабыз. Демократия деген мына ушул да. Мындан ары да булар тура беришсин. Биз коопсуздукту камсыздайбыз.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын укугун коргоо Комитети 11-январда да нааразылык чараларын уюштурууну көздөөдө. Комитет мүчөлөрү алардын талаптары аткарылмайынча, пикетке чыга бере тургандыктарын билдиришүүдө. Буга байланыштуу анын мүчөсү Нургүл Капарова мындай деди:

Биз мына үчүнчү күн пикетке чыгып жатабыз. Биздин талап – Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмери Роза Отунбаевага талапкер катары парламенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилсин деген талап. Бул жерде бир гана Роза Отунбаеванын эмес, миңдеген шайлоочулардын да укуктары бузулууда. Биз эртең да, анын эртеси да, биздин талап аткарылмайынча чыга беребиз!.

XS
SM
MD
LG