Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

«Агахан» фондунун эксперттери келишти


БИШКЕК. Премьер - министр Николай Танаев 10-январда «Агахан» фондунун эксперттерин кабыл алып, анда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жолдору талкууланды. Николай Танаев жолугушууда Кыргызстан Ысыккөлдө эс алуу жайын жана өндүрүш аймагын курууга кызыкдар экенин белгиледи. Атайын долбоордун негизинде кызматташууга тараптар өткөн жайда «Ысыккөл аймагында туризмди туруктуу өнүктүрүү» боюнча эл аралык конференциянын алкагында келишкен. Бул конференция Агахандын катышуусунда өткөн. Макулдашуунун алкагында эксперттер эми Ысыккөл аймагын иликтешет жана анын чегинде долбоорго бөлүнүүчү каражаттын эсебин такташат. Бул тууралуу туризм жана спорт комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков билдирди.

XS
SM
MD
LG