Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга каршы аракеттер башталды


БИШКЕК. 9-январдан 10-январга караган түнү белгисиз бирөөлөр Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун жана «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилованын дарегине алар жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришине түстүү боектор менен жаман сөздөрдү жазып кетишкен. Ага Азимбек Бекназаровдун чакыруусу менен барган жергиликтүү журналисттер күбө болушту. Азимбек Бекназаровдун жубайы Гүлүмкан Мамакеева соңку бир аптадан бери алар жашаган үйгө белгисиз адамдар кандайдыр бир газ киргизип жаткандыгын журналисттерге маалымдады. Төлөйкан Исмаилова мындай көрүнүштү ага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жасалган кысым катары баалап, окуя боюнча ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук бөлүмүнө арыз жолдогондугун билдирди. Ал эми Азимбек Бекназаров мындай аракеттер оппозициячыл саясатчыларды коомчулукка жаман көрсөтүү максатында бийликтин тапшырмасы менен жасалууда деген оюн билдирди. Ушул эле күнү ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетечиси Кеңешбек Дүйшөбаев Азимбек Бекназаровдун мындай пикирин четке кагып, окуя жакын арада териштирле тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG