Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

«Алга, Кыргызстан!» депутаттыкка 26 талапкер көрсөттү


БИШКЕК. 10-январда «Алга, Кыргызстан!» саясий партиясы кезексиз 3-курултайын өткөрүп, анда парламенттик шайлоого 26 талапкер сунушталды. Талапкерлердин арасында мурда болжолдонуп жаткан Бермет Акаеванын ысымы аталган жок. Курултайга Россиядан «Единая Россия», Кыргызстандан «Адилет» партиялары куттуктоо телеграммаларын жолдошту.
«Алга, Кыргызстан!» 2003-жылдын сентябрында төрт саясий партияны бириктирип түзүлгөн. Өткөн жылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бул партиядан 1351 депутат шайланган. Бул жергиликтүү кеңештерге жалпы депутаттардын 20%ин түзөт. Муну курултай партиянын башкы жетишкендиги катары баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG