Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

«АЛГА, КЫРГЫЗСТАН» ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДАДЫ


Бүбүкан Досалиева, Бишкек. «Алга, Кыргызстан» саясий партиясы 2003-жылдын күзүндө төрт саясий партиянын биригүүсү менен пайда болгон. Андан кийин ага 10 жылдык тажрыйбасы бар «Биримдик» партиясы кошулган. Партиянын борбордук кеңешинин төрагасы Рустам Нурматовдун айтымында, партия өткөн мезгил ичинде мүчөлөрүнүн санын 12 миңден ашырып, коомдо көз караш, багыттарды бир нукка бура алган партия экендигин көрсөттү.

Ушундан улам 207 делегат катышкан курултай парламентте партиянын атынан элдин өкүлү боло алат деп 26 адамды талапкерликке көрсөттү. Курултайда айтылган маалыматка караганда, алар узак убакыт бою дыкат жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде, жеңе алат дегендер тандалды. Алардын арасында азыркы парламенттин беш депутаты, Баткен жана Нарын облустарынын губернаторлору Аскар Салымбеков жана Аскарбек Шадиев бар. "Партиянын негиздөөчүсү жана партиянын атынан Бишкектеги №1 Университет округунан талапкерликке көрсөтүлөт" деп буга чейин эл арасында айтылып келген президенттин тун кызы Бермет Акаеванын аты аталган жок. Партиянын Борбордук кеңешинин төрагасы Рустам Нурматовдун айтымында, Бермет Акаева партиянын мүчөсү болбогондон кийин аны талапкерликке көрсөтүү жөнүндө сөз болгон эмес:

-Мен мындай сөздү биринчи жолу сизден угуп жатам. Бермет Аскаровна «Алга, Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү эмес жана биздин партияга тиешеси жок.

Ал эми партиянын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиев эгер Бермет Акаева өзүн-өзү талапкерликке көрсөтө турган болсо партия колдойт:

-Эгерде көрсөтсө, колдойбуз.

Мелис Жунушалиевдин айтымында, Бермет Акаева партиянын идеологиялык багытын аныктап турган жогорку консультативдик кеңештин мүчөсү жана партия жетекчилиги бардык маселелер боюнча кеңешип турат.

«Алга,Кыргызстандын» атынан талапкерликке Эл өкүлдөр жыйынынын үч, Мыйзам чыгаруу жыйынынын эки депутаты көрсөтүлдү. Алардын бири Айдарбек Керимкулов өзү партиянын колдоосу менен жеңишке жетүү максатын көздөгөн жокмун деген пикирде:

- Мен беш жылдан бери өзүмдүн шайлоочуларым менен абдан тыгыз байланышта иштеп жүзүм жарык. Эгер партия тарабынан ошол иш дагы колдоого алынса мага жүктөлгөн жоопкерчилик эки эсе жогорулайт.

Талапкерликке бир топ ишкерлер да көрсөтүлдү. Алардын бири «Неман» холдингинин президенти Осмонбек Артыкбаев партия Кыргызстандын мыкты келечеги үчүн чындап күрөшкөндүктөн анын атынан аракет кылуу сыймык деген ишенимде:

-Өзүн патриот деп эсептеген адам элинин келечегин ойлош керек. Анан ошондой инсандар биригип, бир багытта элдин өнүгүшү үчүн кызмат кылыш керек. Ушул партиядан ушундай күчтү мен көрүп турам. Ошолордун арасында идеясы жакшы, оптимист лидерлер бар экен. Демек, бул адамдар менен бирге элге кызмат кылса болот.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун баамында, «Алга, Кыргызстан» партиясы курултайын ачык өткөрүп, өз программа, милдеттерин ачык талдаганы учур талабына ылайык жакшы көрүнүш.

Бирок курултайынын оппозициячыл саясий партиялар үчүн уруксат берилбеген Улуттук филармонияда чоң салтанат менен өткөрүлүшү оппозициячыл саясатчылардын нааразылыгын жаратты. Алардын бири, «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова:

-Биз жыйын өткөрүү үчүн филармонияны да, театрларды да, чоң кафелерди да сураганбыз. Кай жерге гана барбайлы баары "жок" дешкен. Мына «Ата журт» кыймылы да жыйынын опера жана балет театрында өткөрөлү дешсе уруксат беришкен жок. Албетте, бул дагы акыйкаттык жок экендигинин бир мисалы.

Ишенгүл Болжурованын баамында, курултайдын филармонияда өткөрүүгө уруксаттын берилиши шайлоо маалында партияга бийлик өз көмөгүн көрсөтөөрүнүн белгиси.

«Алга, Кыргызстан» партиясынын Борбордук кеңешинин төрагасы Рустам Нурматов болсо:

-Эч кандай колдоо болбойт. Биз карапайым эл менен иштейбиз. Эл менен бирге иштесек мыйзам чегинде бийликке келебиз,- деп оппозициянын дооматын четке какты.

XS
SM
MD
LG