Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Жаңыл Жусупжан, Прага Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары комиссиясынын демилгеси менен өткөн жазда Демократиялык жыйындын пайдубалы салынган эле. Бүгүн 100дөн ашык өлкө кирген бул жыйынга демократиялык асыл-нарктарды, мыйзамдын үстөмдүгүн жана экономикалык эркиндикти кепилдөө вазийпасы артылууда. Жаңы телчигип келаткан уюшма ушул шаршембиде жыйын өткөрүп, жыйынга кайсы өлкөлөрдү чакырууну талкуулаганы жатат.

Чынын айтыш керек БУУнун Демократиялык жыйыны азырынча үмүттүү идеянын чегинен чыгып, дүйнөлүк саясатка бараандуу салым кошкон күчкө айлана элек. Бирок Кошмо Штаттары жана башка таасирлүү өлкөлөр эми бутуна туруп келаткан уюм демократиялык баалуулуктарга жаңыча дем берет деп ишенишет.

Бир жылга толо элек жыйындын жетишкендиктеринин тизмеси азырынча жупуну. Ал өткөн күздө кыйноо, аялдардын макамы жана демократияны тикелөөдө аймактык топтордун ролун күч алдыруу боюнча аткарылышы милдетүү болбогон резолюцияларды кароого чакырган билдирүү кабыл алды. Азырынча, уюм БУУда мезгилдүү жолугуша турган туруктуу структура түзө элек. Анткени, ага кирген 100дөн ашык өлкө Баш жыйында адам укуктарына байланышкан демилгелерди кантип жүзөгө ашыруу боюнча ар башка пикирде.

Демжыйындын төрагасы – Чили. Бул өлкөнүн БУУдагы элчиси Хералдо Муноз «Азаттыктын» кабарчысына жыйын астейдил алгалап жатканы менен, жетилген чагында БУУда адам укуктарынын сүрөөнчүсү болот деген ишенимин билдирди:

- Бириккен Улуттардын хартиясында демократия жөнүндө түздөн-түз айтылбайт. Ошого карабастан демократия келди жана күн тартибинде калат деп ойлойм.

Демократиялык жыйын 2000-жылы Варшавада түзүлгөн "демократиялар жамаатынан" өсүп чыкты. Ал жамаат башынан эле бүт дүйнө боюнча демократиялык асыл-нарктарды жана институттарды бекемдөөнү максат кылган.

Венгрия өз кезегинде Будапештте демократиялык өткөөл борбор түзүүдө. Борбордун максаты - саясий институттарды негиздөө жана жергиликтүү бийликтерди күч алдыруу болуп саналат. Венгриянын БУУдагы элчиси Андраш Симои Азаттыктын кабарчысына БУУда болобу, Будапешттеби, анын өлкөсү демократияны өркүндөтүүгө колдон келген көмөгүн көрсөтүүнү өзүнүн моралдык милдети деп эсептээрин мындайча билдирди:

- Айрым демократиялык коомдор манчыркап кетти. Демократияга жетиштүү баа беришпейт, демократиялык коомго такай коркунуч келтирген жагдайларды баамдашпайт. Биз кечээки эле өткөн окуяларды унутпашыбыз керек. Тоталитардык системанын кулаганына 15 гана жыл болду. Биз демократияга келгенде дүйнөнүн акыл-эси болгубуз келет.

Ал эми АКШда жайгашкан өкмөттүк эмес Демократиялык Коалиция долбоорунун аткаруучу директору Тед Пикконе Чыгыш Европалык өлкөлөр демократиялык өлкөлөрдүн кызматташттык форумун түптөөгө шайма-шай катышып келатканын белгиледи. Жалпысынан, Демократиялык жыйында Индия, Түштүк Африка жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр Чыгыш Европалыктар жана транс-атлантикалык жамаат менен биргеликте демократиялык реформаларды сүрөөнгө алса, Түркмөнстан сыяктуу бүгүнкү күндүн эң жабык өлкөлөрүнө да, Кыргызстан өңдөнгөн деморкатия менен авторитаризмдин ортосунда турган ортозаар мамлекеттерге да кысым күч алаары айныксыз.
XS
SM
MD
LG