Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Италияда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынды


Бүгүнтөн тартып күчүнө кирген эреже ресторан, бар, түнкү клубдарга да тиешелүү. Эрежени сактабагандарга айып салынат. Адегенде эреже 1-январдан тарта күчүнө кирет деп белгиленген эле, бирок бийлик өкүлдөрү элдин майрамдык маанайын бузбоо максатында анын мөөнөтүн бир аз артка жылдырышкан. Өлкөдө тамеки чеккендердин саны 15 миллион деп эсептелет. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары алар жогорудагыдай кадамды колдорун көргөзүүдө. Мындай эреже Европадан буга чейин Ирландия, Норвегияда киргизилген.

Кечки жаңылыктарды даярдаган - Улан Эшматов , Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG