Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Британия Иракка кошумча аскер жөнөтөт, Украина өз аскерлерин чыгарып кетет


Британия Иракка шайлоо алдында дагы кошумча 400 аскерин жөнөтөрүн бүгүн парламентте британ коргоо министри Жефф Хун билдирди. Муну менен Британиянын Ирактагы аскерлеринин саны 9 миңди түзмөкчү. Ал эми Украинанын кызматтан кетип жаткан президенти Леонид Кучма бүгүн өкмөткө Ирактагы украин аскерлерин быйылкы жылдын биринчи жарымында чыгарууну буюруду. Өлкөнүн коргоо министри Олександр Кузьмуктун айтымында, Ирактагы 1600 украиналык жоокердин алгачкы тобу эң эрте дегенде март айында чыгарылышы мүмкүн. Ал эми президенттик шайлоодо жеңип чыккан оппозиция лидери Виктор Ющенко Ирактан украин аскерлерин чыгаруу ал артычылык берген маселе болорун кечээ билдирген.

XS
SM
MD
LG