Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Иракта борбор калаанын полиция башчысынын орун басары киши колдуу болду


Багдадда полиция башчысынын орун басары менен катар анын полицияда иштеген уулу каза тапты. Алардын машинасы эртең менен ишке бара жаткан кезде аткыланган. Багдаддын башка бир районунда полиция бекетининин жанында миналанган автоунаа жардырылып, андан полициянын төрт кызматкери өмүрүнөн айрылды. 30 –январга белгиленген шайлодон улам козголоңчулар өлкөнү дестабилдештирүүгө аракеттенип жаткан соңку айларда Иракта полиция менен жергиликтүү бийликтин ондогон кызматкерлери кол салуулар жана жардыруулардан каза табышты.

XS
SM
MD
LG