Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

ПАЛЕСТИН АВТОНОМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ -- МАХМУД АББАС


Айнура Жекше кызы, Прага. Палестинадагы жалпы элдик шайлоонун расмий санактары белгилүү боло элек. Бирок алдын ала жйынтыктар Махмуд Аббас добуштардын 65 процентин алып, атаандаштарынан озуп чыккандыгын көргөзүүдө. Аббастын жеңиши тынчтык процесси кайра жанданат деген үмүттү пайда кылды.

Жекшембиде мурдагы премьер-министр, “Фатах” партиясынын лидери Махмуд Аббас Рамалла шаарында өз тарапкерлерине кайрылып, жеңишин маркум Арафатка багыштагандыгын айтты:

Бул ийгиликти Ясер Арафаттын элесине арнап, анын арбагына таазим кылабыз.

Шайлоонун жүрүшүндөгү сурамжылоо көргөзгөндөй, “Фаттах” партиясынын талапкери добуштардын 65 процентин алууга жетишти. Шайлоочулардын 20 процентине жакыны болсо Аббастын негизги атаандашы Мустафа Баргутиге добуш берди.

Аббастын ант берүү аземи шаршембиге болжолдонуп жатат.

Биринчилерден болуп Аббасты Евробиримдиктин тышкы саясатын тейлеген Хавьер Солана куттуктады:

Палестин эли жаңы лидерге ээ болуп отурат. Еврошаркет колунан келген жардамын аябайт - деп ишендирди Солана Аббас менен жолугушуусунан кийин.

Палестин автономиясынын жетекчилигине татыктуу деп эсептелген саясатчынын келиши 4 жылга созулган кан төгүү токтоп, тынчтык процесси жанданат деген үмүттү пайда кылды. Аббас Израилге каршы кол салууларды токтотуу чакырыктары менен белгилүү.

Анын утушу Израилдеги олуттуу саясий окуяга дал келди. Ал жерде дүйшөмбүдө жаңы кабинет ишке киришүүдө. Өкмөткө Шимон Перестин Жумушчу партиясы да кирди. Премьердин орун басары болот деп болжолдонгон Перес Аббастын шайланышы менен региондо жаңы процесс башталууда деп билдирди.

Вашингтондо болсо президент Жорж Буш Палестинадагы добуш берүүнү тарыхый деп сыпаттап, шайлоочулардын активдүү катышуусун өзгөчө белгиледи. Маалыматтарга караганда, жекшемби күнкү өнөктүккө добуш берүүчүлөрдүн 65 процентке жакыны катышты.

Аббас шайлоону демократиялык жараяндын белгиси деп баалады. Бирок алдыда көптөгөн маселелерди чечүүгү туура келет, - деп кошумчалады “Фатахтын” лидери:

Алдыда бизди көптөгөн проблемалар күтүүдө: коопсуз мамлекетти кантип курабыз? Биздин жарандардын жашоо-турмушун кантип жакшыртабыз? Израилдин түрмөлөрүндө жаткан палестиндердин, качкындардын маселесин чечүү жолдору кандай? , - деп билдирди Аббас.

Жөөт премьеринин жардамчылары ырастагандай, Шарон менен Аббастын жолугушуусу жакынкы күндөргө болжолдонуп жатат. Аббас болсо Шаронду тынчтык орнотуу ишиндеги потенциалдуу шерик деп атады.

Радикал топтордун көпчүлүгү Аббаска тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Израилге каршы кол салууларды токтотуу ниетин билдиришти.
Арийне, жекшембиде Хезболла уюму Израиль менен чегарада ок ачып, натыйжада бир жөөт аскери, БУУнун бир байкоочусу жана Хезболланын бир согушкери набыт болгондугу кабарланууда.

XS
SM
MD
LG