Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

ИНТЕРНЕТ АЙДЫҢЫНДА МААЛЫМАТ СОГУШУ БАШТАЛДЫБЫ?


9-январда «Атажурт» кыймылындагы жаңжал» деген аталыштагы жана «Аксылыктар «курортчу»-премьерге каршы» деп аталган макалалар «Independent news» деген даректен аты-жөнү белгисиз автордун атынан жана «Центр Азия. ру» интернет баракчасына шилтеме катары жазылып алынып таркатылган. Ошол эле күнү «Центр Азия. Ру» интернет баракчасы мындай макала аталган баракчада жарык көрбөгөндүгүн жана бул кимдир-бирөөлөрдүн атайын жасаган чагымы экендиги тууралуу кабарлады. Ал эми саясатчылар жана оппозиционерлер бул макалаларды атайын уюштурулган кара пиар деп баалашууда.

Интернет айдыңында пайда болгон бул маалыматтарда акыркы убакта бир бирикменин алдына баш кошо башташкан оппозиционерлердин ортосунда пикир келишпестиктер, бөлүнүп-жарылуулар пайда болуп жаткандыгы тууралуу жазылган. Бул маалыматтар коомчулукта түрдүү пикирлерди пайда кылууда. Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын пикири төмөнкүдөй болду:

- Маалыматтарда чындык жазылган. Баарыбыз чындык менен жүрүшүбүз керек. Кандай чычаласа да баары бир чындык жеңет


-деди Токон Шайлиева. Ал эми оппозиционелер өздөрү жана айрым саясатчылар муну баш бириктире баштаган саясатчыларды кайраштыруу үчүн бийлик тарабынан даярдалган кара пиар катары кабыл алышууда. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова бул бийликтин айла кеткенде тапкан амалы деп баалады:

- Ар кандай кыймылдардын, блоктордун биригип атышы-албетте бийликке жакпайт. Алардын ошол биригип аткан күчтөрдүн ортосунда чагымдарды жүргүзүп, бири-бирине ишеничтеринен тайдыруу үчүн ушундай ушактарды таркатып жаткандыгынын себеби да ошол. Муну мен бийликтин коркуп, айласы кеткендеги эле абалы, тапкан амалы деп эсептейм

-дейт Азиза Абдурасулова. Ушундай эле пикирди «Ар-намыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова да билдирди:

- Булардын бардыгы бийликтин жасап жаткан чагымы. Муну элдин баары эле билет. Анын артында ким тургандыгы да белгилүү. Азыр бийлик бүт коомчулуктун, прогрессивдүү күчтөрдүн бир пикирге келип, бир уюмга биригип кетүүсүнөн өтө кооптонуп, коркуп турат. Ошондуктан бүт баары жанын сабап, жандалбастап, ушул биримдиктин ортосуна от жагып, анын ичинен бөлүп-жарганга аракет кылып жатат.

-дейт Бөдөш Мамырова. Айрым пикирлер боюнча мындай натуура жолдорду тандоодон көрө эки тарап тең шайлоону ачык, адилет өткөрүүгө аракет кылып, депутат болууга чындап татыктуу адамдарды талапкерликке көрсөтсө эл аларга өз ишенимин көрсөтөт. Жаштардын «Жаңы Кыргызстан» саясий кыймылынын жетекчиси Алмазбек Кожомкуловдун ою:

- Мынчалыкка барбай эле, мейли Жогорку Кеңешке болобу, президенттик шайлоого болобу, бийлик өздөрүнүн талапкерин чыгарсын, оппозиция өз талапкерлерин жылдырсын. Натыйжада баары бир эл кимди тандап алса, ошолор шайланат. Биз, жаштар эл кимдерди шайласа ошолорду колдойбуз.

-дейт Алмазбек Кожомкулов. Ал эми интернет айдыңындагы маалыматтардын каарманына айланган Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев мындай аракеттер бийлик тарабынан оппозицияны бөлүп-жаруу үчүн, атайын каралоо максаты менен жасалып жаткан иш экендигин, азыр мындай ыкма менен элдин башын айлантууга мүмкүн эместиги тууралуу оюн төмөнкүчө билдирди:

Бул--кимдир-бирөөнү жаман көрсөтүп, бири-бирине чабыштырып, өздөрүн актоого аракет кылган адамдардын иши. Эл бардыгын түшүнөт, акыл-эстүүлүк менен таразалайт. Азыр алардын башын айландырууга жасалган аракеттер ишке ашпай калган

-деди Курманбек Бакиев.
Интернет айдыңы аркылуу таратылып жаткан маалыматтар 8-9-январь күндөрү «Independent news» деген даректен аты-жөнү белгисиз авторго жамынып жана «Центр Азия. Ру» интернет баракчасынын атына шилтеме берүү менен маалымат каражаттарына таркатылган. Ал эми 9-январь күнү «Центр Азия. Ру» интернет баракчасы мындай макала аталган баракчада жарык көрбөгөндүгүн жана бул кимдир-бирөөлөр тарабынан атайын жасалган чагым экендиги тууралуу кабарлап, жазып чыкты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG