Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

ЭКОЛОГИЯЛЫК КОРКУНУЧТАР КЫРГЫЗСТАНГА ТААСИРИН ТИЙГИЗЕБИ?


Кабыл Макеш, Бишкек. Жер шарынын жаратылышында чоң өзгөрүүлөр болууда. Түштүк Чыгыш Азияда топон суу кырсыгы болсо, Жапаниядагы жер титирөөлөр, Батыш Европада айрым өлкөлөрдө шамал, суу каптоолор жүрүүдө. Мына ушундай экологиялык өзгөрүүлөр Кыргызстанга таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Түштүк чыгыш Азиядагы топон суу кырсыгы дүйнө коомчулугунун көңүлүн
бурду. Бул кырсык 160 миңге жакын адамдын өмүрүн кыйып, миллиондогон сомдук чыгымдарды алып келди. Муну дүйнөлүк адистер деңиздин түбүндөгү кыртыштын жылышуусу, жер титирөөдөн улам пайда болгон цунами кыйраткыч толкундар деп аташууда. Ал эми Батыш Европанын айрым өлкөлөрүндө суу каптоолор болуп, катуу бороон - чапкындар жүрүүдө. Жаратылыштагы мындай кубулуштар Кыргызстандын экологиясына да таасирин тийгизиши мүмкүнбү? деген суроого өлкөнүн айрым атуулдары мындайча жооп беришти:

Орунбекова Гүлнура: - Жаратылыш бир бүтүндүк болгондон кийин өзгөрүүлөр Кыргызстанга да таасирин тийгизет. Жер көчкүлөр жана жер титирөөлөр да болушу мүмкүн.

Ырысбек Аңкашев: - Борбор Азия аймагы өсүп жаткан тоо кыркаларынан тургандыктан, бул аймактарда климаттын өзгөрүшү да ыктымал. Эгерде жер титирөө болсо, катуу болушу мүмкүн. Себеби, бул чөлкөм жер титирөөнүн болушу болжолдонгон сызыкта жайгашкан.

Гүлсана Абдрахманова: - Жер жүзүндөгү кубулуштар, процесстер баары бири бир менен байланышта болгондуктан, бир континенттеги өзгөрүүлөр Кыргызстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Европадагы бороон - шамаал Кыргызстандын жаратылышына таасирин тийгизээрин география илимдеринин кандидаты Темир Кулматов мындайча айтып берди:
- Европадагы бороон- чапкындардын эпкини сөзсүз Кыргызстанга чейин келип, өз таасирин тийгизет. Кыштын күнү көп жааган кар алып келсе, жаздын күндөрү жаан чачын көп болушу ыктымал.
Кыргызстан кургакчыл, чөлдөрдүн ортосунда турган өлкө экендигин айтуу менен климаттын глобалдык масштабда бүткүл дүйнө боюнча жылый башташы да өлкө үчүн көйгөй алып келиши мүмкүндүгүн Кыргыз улуттук Университетинин Кыргызстандын географиясы кафедрасынын башчысы Мажит Кадыркулов мындайча айтып берди:

- Чынында жаан - чачын да өлкөдө бирдей жаабайт. Бир райондо көп жааса, экинчи райондо жаан жаабаган учурлар кездешет. Топурактын астында муз сымал чополор жайгашкан жерлер арбын. Ошол чополор суу өткөрбөгөндүктөн, жаан көп жааган аймактарда жер көчкү жүрүшү күтүлөт. Мындай кырсыктар түштүк аймактарда болууда. Ошондой эле жерде көмүлүү жаткан уран калдыктарын да бузуп кетсе, экологиялык чоң коркунуч жаралат.

Кыргызстандын климатынын өзгөрүүсү Анлантика океанын агымдарына байланыштуу экендигин география илимдеринин доктору Жумакадыр Карамолдоев айтып, мындай деди:

- Уюлдар да жылышууда. Магниттик уюлдардын жылышы өзүнүн артынан жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү ала келүүдө. Географияда эки күч жөнүндө атайын термин бар. Жер алдындагы табияттын кыймылын “эндогендик ички күчтөр” деп атайбыз. Ошол күчтөр да жаратылыштын өзгөрүшүнө таасирин тийгизишет. Ал эми сырткы күчтөрдү “энзогендик күчтөр” деп атап, шамал, бороон - чапкын, циклон, антициклон айланып, Түндүк Батыштын таасири менен Кыргызстандын климаты калыптанат. Себеби, бизде нымдуулук Атлантика океанынын таасиринен улам пайда болот. Дүйнөдөгү экологиялык өзгөрүүлөр Кыргызстанга сөзсүз оң же терс таасирин тийгизет.

Кыргызстандын экологиялык системасын, биотүрдүүлүгүнүн тең салмактуулугунун бузулушу да жаратылышта өзгөрүүлөрдү алып келээрин Глобалдык экологиялык фонддун Улуттук көзөмөлдөө комитетинин төрагасы, география илимдеринин доктору Эмил Шүкүров айтып жүрөт. Өлкөнүн Улуттук Илимдер академиясынын сейсмология институтунун адистери Түштүк Чыгыш Азиядагы жер титирөө, топон суу кырсыгынын Кыргызстанга эч кандай кесепети болбогондугун айтышууда.

XS
SM
MD
LG