Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

АГАХАНДЫН ЭКСПЕРТТЕРИ ЫСЫККӨЛДӨ


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Кыргызстанда ушул күндөрү Агахан кору жиберген эксперттер жүрөт. Премьер- министр Николай Танаев аларды кабыл алып, Ысыккөлдү өнүктүрүүгө салына турган инвестициянын чоо- жайын талкуулады.

Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Агахан кору Ысыккөл дубанында туризмди өнүктүрүү боюнча атайын долбоор иштеп чыккан. Ага ылайык Ысыккөлдү эл аралык деңгээлдеги туристтик аймакка айландыруу үчүн инвестиция бөлүнмөкчү. Кыргызстанга былтыр жайында Агахан өзү келгенде да мамлекет башчыга убада берип кеткен. Учурда Агахан корунан келген эксперттер Ысыккөлдүн жаратылышы, инфраструктурасы менен таанышып, кыргыз бийлиги менен сүйлөшкөнү келген эксперттер Бишкекте жүрүшөт. Дүйшөмбүдө алар премьер- минитср Николай Танаев менен жолугушту. Өкмөт башчы өз сөзүндө көл жээгинде эки аймак, эс алуу жана өндүрүш аймактарын куруу максатын белгиледи. Чет элдик эксперттердин айтымында, азырынча бир жыйынтык сөз айтканга эрте. Алар Ысыккөлгө барып туристтерге түзүлгөн шарттар менен таанышып, бир катар пансионаттарды, мейманкаларды жана лыжа тебүүчү базаларды өз көздөрү менен көрүп кайтышат. Ошондой эле туристтик компаниялар жана тиешелүү министрликтер менен жолугушууларды өткөрүшмөкчү. Агахан корунун эксперти Вен Мартиндин пикиринде, Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн Ысыккөлдү кандай пайдаланат кыргыз эли өзү чечиши керек. Ал эми бул көл аркылуу Кыргызстанда чогуу- чаран туризмди өнүктүрүү боюнча оптимисттик маанайын билдирди.
- Биз ийгиликке жетишебиз деген оптимисттик маанайда турабыз. Себеби, учурда сиздердин тиешелүү мекемелер даярдап берген зарыл документтер менен маалыматтын баары колубузда, - деди Вэн Мартин.
Бирок, азырынча Агахан кору Ысыккөл боюнча кандай пландарды түзүп жатат, кайсы көлөмдөгү инвестиция келери тууралуу маалымат ачыкка чыга элек. Эксперттер өздөрү да бирдеме дегенге эрте экендигин эскертишти. Туризм, спорт жана жаштар боюнча мамлекеттик комитетти жетектеген Өкмөтбек Алмакүчүков болсо эксперттер Ысыккөлдүн аба - ырайы, суусу, климаты жана калкына чейин байкоо салып келишмекчи.
Хан кору мындай труисттик аймакты Италияда куруп чыккан. Аны биздин өкмөт мүчөлөр өз көзүбүз менен көрүп тан берип келгенбиз. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн чоң нерсе болмок. Азыр бул долбоордун алгачкы кадамы гана ташталып атат,-дейт Алмакүчүков мырза.
Анын айтымында, Агахан кору Ысыккөлгө канчалык инвестиция алып келери азырынча белгисиз, дал ушул эксперттердин чен - өлчөмүнө жана түзгөн долбооруна жараша болмокчу.
XS
SM
MD
LG