Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Ооганстанда абал жакшырууда


Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын чабарманы Жан Арно октябрдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү кырдаал бир кыйла жакшырып калганын билдирди.
Арно дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп, мурдакы согушчандарды куралсыздандыруу жана демобилизациялоодо чоң жылыштар бар экенин, жазга белгиленген парламенттик шайлоо мамлекеттик бийликти дагы бекемдээрин айтты:


- Экстремисттердин шайлоо өнөктүгүн бузуу аракеттеринин арты-артынан ишке ашпоосун жана коопсуздук күчтөрүнүн жакшыруусун айтсак, жалпы кырдаалдын олуттуу оңолуусу үчүн ишенимдүү жагдай түзүлгөнүн көрөбүз.

Жан Арно ошондой эле жакынкы жумаларда шайлоо округдары аныктоо жана көз карандысыз шайлоо комиссиясын дайындоо зарыл экенине көңүл бөлүп, маң заттарын мыйзамсыз өндүрүүгө каргы чечкиндүү чара көрүлүүсү абзел деди.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG