Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Махмуд Аббасты АКШ президенти телефон чалып куттуктады


Дүйнө лидерлери Махмуд Аббастын Палестин автономиясынын президенти болуп шайлануусу Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын алга жылдырат деген үмүттө.
АКШ президенти Жорж Буш Аббасты телефон кагып куттуктап, коопсуздукту жана Палестин экономикасын бекемдөөгө жардамдашаарын, палестиндер менен израилдиктер күнкорсуз Палестин мамлекетин куруу үчүн чогуу аракеттениши зарыл экенин билдирди.

Ак Үй президент Буш Махмуд Аббасты АКШга чакырганын кабарлады.

Аббастын жеңишин Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросо палестин элинин келечеги үчүн “абдан маанилүү кадам” деп атады:


- Бул жигердүү жана демократиялуу Палестин мамлекетин куруу үчүн жасалган маанилүү кадам болду. Региондогу бардык тараптар эми тынчтыкты улантуу үчүн биригишти. Аббас мырза жана анын израилдик өнөктөшү Ариел Шарон жакын арада кездешүүгө даярданып жатышканын билдиришти. Бул өтө жакшы жышаан.


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан палестиналыктарды “демократия жолунда бекем турушканы” үчүн куттуктады.

XS
SM
MD
LG