Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Виктор Юшенконун жеңиши ырасмий түрдө жарыяланды


Борборшайлооком Виктор Юшенкону Украинанада 26-декабрда өткөн президенттик кайра шайлоонунун жеңүүчүсү деп жарыялады.
БШКнын төрагасы Ярослав Давидович кечээ шамдан кийин жасаган билдирүүгө караганда, оппозициянын реформачыл башчысы Юшенко үчүн шайлоочулардын 52 проценти, Москва колдогон Виктор Янукович үчүн 44 проценти добуш берген.
Өткөн жумада премьер-министрликтен кеткен Янукович добуштарды кайра саноо үчүн бардык мыйзамый жолдорду пайдалана турганын эскерткен.
Кечээ Жогорку Сот Януковичтин командасынын сегиз доо арызын кароодон баш тартты.
БШКанын билдирүүсүн эми Жогорку Сот бекитип, ал эки ырасмий гезитте жарыяланыш керек.

XS
SM
MD
LG