Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ АЛДЫДАГЫ ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР ЖАНА УКРАИНА ЖӨНҮНДӨ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Бүгүн Кыргызстандын өкмөт башчысы маалымат жыйынын өткөрүп, алдыдагы шайлоолор маселеси боюнча кеңири сүйлөдү. Премьер-министр Николай Танаев «бир тал ширеңкенин тутанышы чоң өрткө алып келиши ыктымал» деп оппозициялык күчтөргө эскертти. Премьер-министрдин айтымында, кыргыз бийлиги Украинанын жаңы бийлиги менен кызматташууга даяр, бирок андан Кыргыз өкмөтү 28 миллион доллар аласасын алуу үчүн буга чейинки аракетин улантат.

Премьер-министр Николай Танаев парламенттик шайлоого даярдык боюнча республикалык штабдын жетекчиси катары журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, шайлоолор убагында коопсуздукту сакташ үчүн колдон келген аракеттер жасалууда.

Бирок, анын оюнча, кайсы бир күчтөр тарабынан бийлик менен элдин ортосунда жарака кетирүүгө аракет жасалууда:

- Баары эле тынч эмес, биз каалагандай. Кечээ болсо Интернетте чоң бир материал жайгаштырылыптыр. Мен өкмөт башчы катары жашыруун кеңешме өткөргөн экенмин. Бул эми окуганда күлкү гана келтирет. Бул - абдан олуттуу маселе. Терең ойлоп көрсөм, бул кабар эл арасына жарака таштоо үчүн гана жасалган аракет экени байкалат. Айрыкча түштүк элин бийликке каршы тукурганга далаалат жасалгандай. Өтө булганыч, чектен чыккан технологиялык ыкмалар жүзөгө ашырылып жатат. Мен тапшырма бердим, авторлорун табыш керек дедим.

Анын пикиринде, эгер өкмөт башчы чындап эле ушундай кеңешме өткөрсө, өлкөнүн экиге же үчкө бөлүнүшүнө алып келмек.

Николай Танаевдин айтымында, оппозициялык күчтөрдө даанышмандык сапат бар болсо, анда эски аянтта болгон соңку жүрүш экинчи кайталанбашы керек.

Өкмөт башчынын пикиринде, эл көчөгө чыккан күндө да, бийлик маселени тынч, сүйлөшүү аркылуу гана чечүүгө ынтызар:

- Депутаттар, балким, элди көчөгө чыгарса, биз эл менен диалог аркылуу маселелерди сүйлөшкөнгө аракет кылабыз. Түшүнүшкөнгө аракеттенебиз жана маселени талдап чыгып, мамлекеттик чиновниктерде күнөө болсо, аларды жазалайбыз. Бирок, элди көчөгө чыгарып аткандар бир нерсени түшүнүшү керек. Мен Аксы боюнча комиссияны жетектедим. Мен бизде дүйнө канчалык назик жана алсыз экенин билем. Бир тал ширеңке от алса, чоң өрткө алып келиши ыктмал. Шайлоодо ким күчтүү болсо, ошол жеңсин .

Премьер-министр Николай Танаевдин оппозиция тууралуу мындай пикирине кошулбаган саясатчылардын бири - Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев.

Ал Кыргызстанда шайлоолор буга чейин да мыйзам бузуулар менен өтүп келген деген пикирде. Анын айтымында, шайлоолордун мыйзам бузуулар менен өтүшүнө жол берип, ага шарт түзүү менен бийлик элдин көчөгө чыгышына өзү түрткү болууда.

Николай Танаевге Кыргызстандын Украина менен карым-катышы кандай болот? деген суроо да берилди. Премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан бир да өлкө менен начар мамиледе болуп көргөн эмес. Кыргыз бийлиги Украина менен кызматташууга даяр. Бирок, 28 миллион доллар карызын дароо доолап, өндүрүүгө аракет кылат.

Өкмөт башчынын айтымында, украин бийлиги Кыргызстанга эгемендик жылдары эле ташылып барган жабдуулар үчүн карыз болгон.

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар парламенттик шайлоолор убагында элчилик жана консулдуктарда добуш беришет. Өкмөт башчы билдиргенге караганда, чет жакта жашаган 7 миң кыргызстандык добуш берүүгө катышуу үчүн катталды. Ал эми өкмөт мүчөлөрүнөн эки адам парламентке ат салышмак болуп кызматын тапшырды.

Танаев мырза азырынча Мамлекеттик мүлк комитетинин жетекчиси Равшан Жээнбеков менен Республикалык соцфонддун төрагасы Акматбек Келдибеков гана шайлоого катышары белгилүү болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG