Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

БҮГҮН АБХАЗИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн - 12-январда Грузиянын автономиясы Абхазияда президенттик шайлоо өтүп атат. Мындан мурдагы шайлоо 3-октябрда болгон жана анда оппозициянын лидери Сергей Багапш көп добуш топтогон болчу. Бирок анын жеңишин Орусия колдогон талапкер, премьер-министр Рауль Хаджимба тааныбай, автономия экиге бөлүнүп, кырдаал курчуп кеткен эле. Кийин бирок эки талапкер тил табышып, бул жолку шайлоодо эми Багапш президенттикке, ал эми Хаджимба вице-президенттикке талапкерлигин коюуда.

Бул ирет Абхазиянын каттоодон өткөн 113 миң шайлоочулары 3-октябрдагы шайлоону утуп алган Сергей Багапш менен Эл партиясынын лидери Якуб Лакубанын бирин президент катары тандашы керек. Мурдагы шайлоодо Багапашка олуттуу атаандаш болгон экс-премьер-министр Рауль Хаджимба бул ирет талапкерлигин президенттикке эмес, вице-президенттикке коюп жатат. Ошондон улам шайлоонун биринчи айлампасында араң гана 500дөй добуш топтогон Якуб Лакубаны Сергей Багапшка татыктуу атаандаш болот деп айтууга болбойт. Бул шайлоо андыктан бир караганда формалдуу гана саясий өнөктүк катары да таасир калтырат.

Багапш менен Хаджимба экөө биригип 3-октябрда өткөн шайлоодо элдин 90дой процент добушун топтогон. Ал ирет Багапштын утуп чыгышын Орусия колдогон талапкер Хаджимба тааныбай, экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик автономияга да жарака кетирген эле. Ырасмий Кремль ортомчу болууга да аракет кылып көргөн. Кырдаал кыйла курчуп, тирешүү куралдуу жаңжалга айланып кете жаздаганда экөө тил табышып, 4-декабрда гана эки айга созулган кризисти токтотуу боюнча мунасага келишкен.

Ага ылайык Рауль Хаджимба вице-президенттикке макул болгон. Бирок анын ыйгарым укуктары кеңейтилип, ал куралдуу күчтөрдү, коопсуздук кызматын жана автономиянын тышкы саясатын тейлемек болду. Эки талапкер минтип бийликти бөлүштүрүп, тил табышып алганы менен экөөнүн көпчүлүк жактоочуларына бул жаккан жок. Мурдагы депутат, азыр Абхазиянын аялдар ассоцациясын жетектеп жаткан Нателла Акаба айым талапкерлеринен көңүлү калган шайлоочулар бул ирет добуш берүүгө келбей коюшу ыктымал деген пикирде:

– Тигил тараптан да, бул жактан да жоготуулар бар. Багапштын да, Хаджимбанын да көпчүлүк тарапкерлеринин көңүлү кайт болду. Менимче Багапштын көпчүлүк колдоочулары өз лидеринин бул кадамын туура кабыл алышты. Ал эми Хаджимбанын жактоочулары аны эле эмес, азыркы президент Владислав Ардзинбаны жана анын айланасындагыларды да колдошкон болчу да. Мына ушул адамдар бул шайлоону жүрөгүнө жакын кабыл алышты жана менимче алар шайлоонун жыйынтыктарына макул болушпайт, - деди Нателла Акаба айым.

Октябрда өткөн биринчи шайлоого каттоого алынгандардын 63 проценти катышкан болчу. Бул ирет андан да аз шайлоочулар келиши ыктымал жана бул коркунучтуу. Анткени Абхазиянын мыйзамдары боюнча шайлоо 50 проценттен көп шайлоочулар келгенде гана өттү деп эсептелет. Орусиялык эксперт Константин Затулин дүйшөмбүдө Грузиялык журналисттерге бул ирет шайлоочулар добуш берүүгө өтө аз келиши ыктымал деген пикирин билдирди:

– Мен бул ирет шайлоочулардын катышуусу күзүндөгүгө караганда алдаганча аз болоорун жокко чыгаралбайм.

Ал эми орусиялык башка бир тажрыйбалуу эксперт Алексей Ващенко элдин добуш берүүгө катышпай коюшу азыркы президенттик администрациянын чырагына май тамызат, анткени алар башынан эле Багапштын президент болушун каалаган эмес болчу деген пикирин Грузиядагы бир телеканалга берген интервьюсунда билдирди.

Өткөн аптада "Акхиста" аттуу саясий кыймыл бул шайлоо адилет өтпөйт, ошондуктан аны кийинкиге жылдыруу керек деген талап менен чыкты. Дүйшөмбү күнү болсо президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Якуб Лакуба “шайлоо алдында адилеттик болгон жок” деген пикирин айтты. Бирок ошого карабай ал өзүнүн жактоочуларын шайлоону байкоттоого чакырган жок. Анын ордуна ал эгер сунуш болсо коалициялык өкмөткө кирүүгө даяр экенин, бирок премьер-министрдин орун басары кызматына же башкы прокурорлукка гана макул болоорун билдирди.

Абхазиянын мыйзамдары боюнча шайлоонун ырасмий жыйынтыктары үч күндөн кийин чыгууга тийиш. Бирок талдоочулардын айтымында кимдин президент болоору азыртадан эле алаканга салгандай көрүнүп турат.

Сүрөттө: Сергей Багапш

XS
SM
MD
LG