Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Өкмөт башчы өлкөдө паспорт кризиси жок деген ойдо


БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевдин билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда паспорт кризиси жана ага өбөлгө түзгөн жагдай жок. Мындай пикирин ал 11-январда билдирип, 1994-жылы чыгарылган улуттук паспорттордун пайдалануу мөөнөтү чексиз узартылгандыгын кабарлады. Анын билдирүүсү боюнча, 2004-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорттор бир жылдык мөөнөт менен ага муктаж атуулдарга бекер берилет. Азыр чет өлкөгө чыгууга жарамдуу 140 миң жана өлкө ичинде гана пайдаланыла турган 111 миң паспорт бар. Аларды жасатууга кеткен чыгымды Эл аралык миграция уюму өз мойнуна алды. Ал эми паспорт менен камсыз кылуу маселесин териштирген Мыйзам чыгаруу жыйыны паспорт чатагын 2004-жылдын башкы көз боемочулук окуясы деп атап, өкмөттүн паспорт менен камсыздандыруу ишин канааттандырарлык эмес деп баалаган. Ал эми чет өлкөдө жүргөн атуулдардын добуш берүүсү үчүн түзүлүп жаткан тизмеге болгону 7 миң адам катталган.

XS
SM
MD
LG