Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Б.Шерниязов: «Бийлик куугунтугун күчөттү»


БИШКЕК.10-январь күнү кечинде Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязовдун айдоочусу Талант Тургуналиевди милициянын кызматкерибиз деп күбөлүк көрсөткөн белгисиз төрт адам кармап, машинасынан ширеңкенин кутусуна салынган баңги зат табылды деп коркутушкан. Бул тууралуу 11-январда өткөн маалымат жыйынында депутаттар Алымбай Султанов, Дооронбек Садырбаев жана Болот Шерниязов билдиришти. Айдоочу Талант Тургуналиевдин айтымында, алар депутаттын машинасынын жүк салгычында жүргөн чатырлар менен сары түстөгү кездемелердин кайдан келгендигин, эмне себептен ташып жүргөндүгүн жана Болот Шерниязовдун эмне менен алектенип жаткандыгын сурамжылашып, эгер бул суроолорго жооп бербесе баңги заты үчүн 8 жылдан 15 жылга чейин түрмөгө түшөсүң же таң аткыча жок болуп кетесиң деп опузалашкан. Алымбай Султановдун айтымында, айдоочунун баңги зат менен кармалгандыгы бир дагы райондун ички иштер бөлүмүндө катталган эмес, жана айдоочуну кармаган адамдардын ким экендиги белгисиз. Ушундан улам Болот Шерниязов окуяны «бул бийликтин өз көз карашы бар депутаттарды куугунтуктоосу» деп баалады. Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Петр Тяблин окуяны иликтөө башталгандыгын билдиргени менен ал табылбайт деп белгиледи Алымбай Султанов.

XS
SM
MD
LG