Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Саясий лидерлер форуму билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылы, «Атажурт», «Жаңы багыт» коомдук-саясий кыймылдары, Кыргызстан элдик конгресси жана «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук коом бирикмеси түзгөн Саясий күчтөрдүн форуму 11-январда билдирүү менен чыкты. Анда Роза Отунбаеванын бийликтин кысымы астында талапкер катары катталбай калганы белгиленип, аны колдоо максатында нааразылык акциясына чыккан атуулдарга ыраазычылык билдирилген. Бирок, сот жана тийиштүү органдардан Отунбаеванын арызына расмий жооп алынганга чейин саясий пикетти токтото туруу өтүнүчү айтылган. Саясий күчтөрдүн форуму өлкөнүн күч органдарына да кайрылуу кабыл алып, анда элге каршы күч колдонбоо, коррупцияланган күчтөрдүн кызыкчылыгын коргобоо чакырыгы жарыяланган. 29-декабрда меморандумга кол койгон күчтөр өлкөдөгү тынчтыкты бузууну көздөбөйт. Биздин максат акыйкат жана адилет шайлоо менен бийликти мыйзам жолунда алмаштыруу, деп айтылган кайрылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG