Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

Согуш кылмышкери Младичти босниялык серб армиясы арачылап жатканы жалган


Босниянын коргоо министрлиги бул тууралуу ырасмий билдирүү таркатты. Евросоюздун бейпилдик күчтөрүнүн командачысы согуш кылмышкери катары эл аралык издөөдө турган генерал Радко Младичти босниялык серб армиясы жашыруун бункерлердин биринде жашырып жатканы тууралуу такталбаган маалыматтар бар экенин айткан эле. Иштин чоо-жайын иликтеп чыгып, Босниянын коргоо министрлиги муну ырастаган эч кандай таныктар табылбагандыгын билдирди. Младичти эл аралык трибунал издөө салып, алиге чейин таба албай жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG