Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Россия Түркияга газ берүүнү көбөйтөт


Бул тууралуу бүгүн орус президенти Владимир Путин түркиялык бизнесмендер менен жолугушууда билдирди. Орус компаниялары Түркиянын аймагында газ үлөштүрүү долбоорлоруна да катышмай болду. Кремлде Путин Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Путиндин айтымында,экономикалык байланыштардын келечеги жөнүндөгү үмүттөр актала баштады. Былтыр өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү сегиз миллиард долларга өсөт деп болжолдонсо, иш жүзүндө он миллиард долларды түзгөн. Бу көрсөткүчтү тараптар он беш миллиард долларга жеткирсе болот деп эсептешет. Эрдогандын үч күндүк визити учурунда Путин аскери тармактагы маселелерди да талкууламакчы. Былтыр декабрда Путин Түркияда ырасмий визит менен болгон эле.

XS
SM
MD
LG