Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Ачехте эл аралык соопкерлерге кооп туулушу мүмкүн


Провинцияда өкмөткө каршы турган сепаратистчил күчтөр карасанатайлык иштерди жасашы ыктымал деп эскертти Индонезиянын өкмөтү. Провинцияда ушу тапта гуманитардык уюмдардын кызматкерлери кырсыктын кесепетин жоюу үчүн жергиликтүү калкка жардам көрсөтүүдө. Бийликтердин бул билдирүүсүн комментариялап, ООНдун гуманитардык операцияларына жетекчилик кылып жаткан Жоэл Бутру Индонезиянын өкмөтү өз жоопкерчилигин сезип, өлкөнүн аймагында иштеп жаткан чет элдиктердин коопсуздугун кепилдегени колдон келгендин баарын жасап жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG