Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

ЭЛЧИЛЕРДИН ТАЛАПКЕР БОЛУУ УКУКТАРЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛИШИ МҮМКҮНБҮ?


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Шайлоо кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдады. Бул долбоор элчилердин парламенттик шайлоого катышуу укуктарын калыбына келтирүү максатын көздөйт. Бирок, бул демилге парламент жана президент тарабынан кандай кабылданат? Бул маселенин жандырмагы келерки аптада ачыкталышы ыктымал.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттар тобу «Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экс-элчилердин сунушуна ылайык даярдашууда. Экс-элчилер депутаттардан «Шайлоо кодексинин» 69-беренесинин 2-абзацындагы жобого түшүндүрмө берүүнү суранышкан. Алардын бири Роза Отунбаева:

- Биз ошону (жобону) кайта бизге талкуулап бергиле, 1-пункттун 2-абзацын алып салгыла, ал Конституцияга туура келбейт деп Жогорку Кеңешке кайрылдык.

Бул жободо жарандарга «…чет өлкөлөргө иш сапарына кетүүгө байланыштуу ар жыл сайын алты айга чейин болбой калуу мүмкүнчүлүгүнө жол берилет.» деп айтылат.

Буга байланышкан талаш-тартыш октябрь айында башталган. БШК төрагасы Сулайман Иманбаев маалымат каражаты аркылуу берген элчилер шайлоого бара албайт деген мыйзамга түшүндүрмөсүнөн кийин алар парламентке, БШКга, Конституциялык сотко кайрылып, өз кызыкчылыктарын жактаган тыянак ала алышкан эмес. Конституциялык сот укук бузуу фактысы жок деген негиздеме менен арызды караган эмес.
Парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо мөөнөтү башталганы бул маселе коомчулуктун көңүлүн бурган башкы маселеге айланды. Аталган беренеге таянган округдук шайлоо комиссиялары экс-элчилер Медеткан Шеримкуловду, Роза Отунбаеваны жана Үсөн Сыдыковду каттаган жок. Юстиция министринин биринчи орун басары Эркин Мамыровдун пикиринде мыйзамды тигил же бул жеке адамга байлоонун кажети жок:

- Мен юрист катары көз карашымды айтып коеюн: Шайлоо кодексинде депутаттыкка талапкерди каттоонун процедурасы жетишээрлик деңгээлде так, даана жазылып турат. Карап көрсөк, мыйзам боюнча депутат болууну каалаган жаран алдыңкы беш жылда Кыргызстан аймагында жашашы керек.

Ошол эле учурда экс-элчилерди каттоого байланышкан маселе оппозициялык саясатчылардын нааразылыгын жаратып жатат. Алар БШКнын чечимин юридикалык эмес, ириде саясий чечим катары санашууда. Адегенде каттоого алынып, кайра каттоодон четтетилген Роза Отунбаеванын жактоочулары Бишкекте акыркы төрт күндөн бери акцияларды уюштуруп жатышат.
БШК болсо №1 Университет округдук шайлоо комиссиясынын Отунбаеваны каттоо тууралуу алгачкы чечимин аны жактоочулардын кысымы астында кабыл алынган чечим деп билдирди. Буга байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынында укуктук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекова БШК мыйзамды аткаруу гана укугуна ээ экендигин, ал эми аталган жаңы жобо мыйзамга депутаттардын демилгеси менен киргенин белгиледи:

- Жаңыртылган кодекстин 2-абзацынын демилгечиси Текебаев. Биздин төрага бул жобого каршы болгон. Бирок, депутаттар Текебаевди колдошкон.

Депутат Өмүрбек Текебаев бул жобо элчилерге тоскоолдук кылуу максатында Борборшайлооком тарабынан атайын пайдаланылып атат, иш жүзүндө ал чет өлкөдөгү атуулдардын укуктарын кеңейтүү максатын көздөйт дейт.
«Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун иштеп жаткан демилгелүү топтун башчысы, депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, элчилерди каттоого тоскоолдук кылган бул мыйзамдын кабыл алынышына расмий бийлик кыйыр таасир эткен. Ошондуктан, парламент мүчөлөрү мыйзамдагы катаны оңдоо камын көрүүдө:

- Бир топ депутаттар өзүбүздүн кемчилигибизди оңдоп, 17-январда, отурумдун алгачкы күнү эле ушу мыйзамды кабыл алып берсекпи деп турабыз. Эми мыйзамдын идеясы - өзүбүздүн дипломаттарды шайлоого катыштыруу максатын көздөйт. Билимдүү, чыгаан уул-кыздарыбыз да. Анан ошолорду шайлоодон четтетип койсок туура эмес болуп калат деген депутаттар демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун иштеп чыгып, сунуш кылдык.

Бирок, талапкерлерди каттоо аяктаарына саналуу күн калганда каралары күтүлүп жаткан бул мыйзам долбоорун парламент, президент колдойбу, колдоо тапкан шартта элчилер катталууга үлгүрүшөбү, маселенин бул өңүтүнө ар кандай көз караштар айтылууда. Маселен, мыйзамдагы жобону толук алып салбай эле жобого «элчилерден башкасы» деген сөздү кошууну каалаган депутат Дооронбек Садырбаев президенттин мыйзамга кол коеруна ишенбейт:

- Президенттин акыркы кездеги жүрүм-турумуна, ачуусуна, жинине караганда кол коюп бере турган түрү жок.

Азимбек Бекназаровдун оюнда:

- Депутаттар менин оюмча колдоо көрсөтөт. Ушу 60 депутаттан кантип эле 31 депутат колдоо көрсөтпөй калсын. Андан кийин тез аранын ичинде президентке жөнөтөлү деп атабыз, бир жуманын ичинде кол коюп, күчүнө киргизиңиз деп.

Депутаттын айтымында, оппозициячыл саясатчылар «Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам» аркылуу элчилерге байланыштуу президенттин жана парламенттин талаш туудуруп жаткан саясатын ачыктоо максатын көздөп жатышат.
Айрым байкоочулар депутаттардын бул аракетинен майнап чыкпайт деп эсептешет. Муну ириде депутаттык көпчүлүктүн колдобой коюу ыктымалдыгы менен байланыштырышууда. Экинчиден, бул демилге депутаттыкка талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктар алдында көтөрүлүп жатат. Шайлоо кодекси боюнча талапкерлерди сунуштоо шайлоого 40 күн калганда токтотулат. Шайлоо 27-февралга белгиленген.
Президентке болсо тигил же бул мыйзамды бир айлык мөөнөт ичинде кароо укугу берилген.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов элчилердин укугун калыбына келтирүү үчүн парламент жаңы мыйзам кабыл алып отурбай эле Шайлоо кодексинин 69-беренесинин 2-жобосуна «алты айлык чектөөгө элчилер кирбейт» деп түшүндүрмө берүү ыңгайлуу дейт. Бул парламенттин добушун жана президенттин уруксатын талап кылбайт.

XS
SM
MD
LG