Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ СОҢКУ ОКУЯЛАР


Төрөкул Дооров, Москва. Чеченстанда акыркы жолу президенттик шайлоо болгондон бери жарым жылдай мезгил өттү. Орусиялык бийликтер эки жолку согушту баштан кечирген республикада абал жакшыра баштаганы тууралуу байма-бай айтып келишет. Анткен менен акыркы 2-3 күндүн окуялардын эле эске алганда, бул өңдүү ишенимдүү билдирүүлөр ичти жылытпай тургандай сезилет.

Акыркы күндөрдүн окуялары Чеченстанда тынчтык орной баштаганын эмес, тетирисинче, абал курчуп баратканын айгиниледи. Болгондо да, жаңы жылдан берки окуялардын көбү республикада эми адаттагы террордук карасанатай аракеттерден да ар кыл криминалдык кылмыштардын көбөйө баштаганын бышыктайт.

8-январь күнү Чеченстанда мамлекеттик «Вайнах» бий ансамблинин солисти Ибрагим Хамурадовду уурдап кетишти. Ибрагим Хамурадов жаңы жылдык майрамдар алдында былтыры жардыруу учурунда көз жумган Чеченстандын ошол учурдагы президенти Ахмад Кадыров жөнүндө ыр ырдап, ал үчүн өлкөнүн азыркы биринчи вице-президенти, экс-президент Кадыровдун уулу Рамзан Кадыров тарабынан ВАЗ-2107 машинеси менен сыйланган эле.

22 жаштагы ырчынын апасы окуяга күбө болгон. Анын айтымында, көчөдө өзүнүн жаңы унаасынын жанында турган уулун куралчан жана башына чүмбөт оронуп алган белгисиз адамдар машинеге олтургузуп, алып кетишкен.

Азыр анын жоголушун иликтеп жаткан укук коргоо органдары «Вайнах» ансамблинин солистин «мурдагы президент тууралуу ыры үчүн эмес, жаңы машинеси үчүн уурдашкан болсо керек» деп жатышат. Анткени, аталган ырды буга чейин деле бир катар башка ырчылар аткарып келишкен экен. Бирок алар Рамзан Кадыровдон эч кандай деле сыйлык алышкан эмес.

Ошол эле күнү, башкача айтканда, өткөн ишембиде Чеченстандын Веден районунда эки адам бузулган имараттын калдыктарын аңтарып жатып, колдо жасалган бомбанын жарылуусунан көз жумган. Түндүк Кавказда конттеррористик операциялар башкармалыгынан билдиришкендей, акыркы мезгилдерде чечен жикчилери идиш-аяктарга салынган жардыргычтарды көп колдонуп жатышат. Мисалы, республиканын баш калаасы Грозныйдын Ленин районунда милициянын кызматкерлери жөнөкөй эле пивонун бөтөлкөсүнө жык толтурулган жардыргычты табышкан.

Ишембидеги окуялар муну менен эле бүткөн жок. Республиканын Ички иштер министрлиги ал күнү Урус-Мартан районунда курал-жарактардын эки чоң базасы табылганын кабарлашты.

Ал эми 8–январдан тогузуна чейин республика боюнча 4 адам белгисиз жоголгондугу тууралуу маалымат түштү. Грозный шаарында куралчан белгисиз адамдар Адам Гундаев деген атуулду жана анын тууганын өз үйүнөн сүйрөп кетишкен. Белгисиз жоголгондордун катарында Шали шаарынын тургундары, эки аял да бар.

Бул кабарга удаа эле 2002-жылдын жайында федералдык аскерлерге кол салган жикчилердин бири Веден районунда колго түшүрүлгөндүгү айтылды. «Эми биз анын шериктерин табуу аракетин көрүп жатабыз» деп билдиришти контеррористик оперативдик штабдан.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Чеченстанда жикчилердин лидери Аслан Масхадовдун жакын туугандары кармалгандыгы тууралуу айтышкан эле. «Бирок 9-январь күнү бул маалыматты республиканын Ички иштер министрлиги четке какты» деп билдирет Интерфакс маалымат агенттиги.

Дүйшөмбү күн да чечен жергесинде бир катар жагымсыз окуялар менен коштолду. Грозныйдагы Гехи кыштагында белгисиз куралчан адамдар Нохи Башуев деген кийишинин үйүнө кирип, үйдүн кожоюнун өлтүрүшкөн, балдары менен аялын байлап салып, 6 миң рубль акчасын уурдап кетишкен. Укук коргоо органдары бул кылмышты куралчандардын башчылары Аслан Масхадовдун же Шамиль Басаевдин адамдарынан көрүп жатышат.

Ошол эле күнү дагы бир жикчи 2004-жылдын жайында Ингушетиядагы кандуу окуяларда жикчилердин катарында болгонун айтып, колго түшкөнү кабарланды. Анда укук коргоо органдарына жасалган чабуулдан 98 милиция кызматкери набыт болгон.

Эл аралык издөөдө турган дагы бир жикчи шейшембиде кармалган.

Дүйшөмбүдө республиканын президенти Алу Алханов аскерий операциялар учурунда бузулган бир катар көпүрөлөрдү көрүп, алардын экөөсүн кайра курууга тезинен киришүү зарылдыгын белгиледи. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, президенттик программага ылайык, жалпысынан төрт көпүрө курулушу каралган.

Ал эми шейшембиде Курчалой районунда Ахмад Кадыров атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи өттү.

Дагы бир кабар Ингушетиядан келип түштү. Дүйшөмбүнүн кечинде белгисиз куралчан адамдар Ингушетиядагы Назрань чек-ара отрядына кол салышкан.

- Бул окуянын артынан башталган операция учурунда куралчан адамдар каршылык көрсөтүп, ок чыгарышты. Жыйынтыгында алар жок кылында. ФСБнын (Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы) кызматкерлери тарабынан да, калк тарабынан да эч ким жапа тарткан жок, - деди Назрандагы операцияны жетектеген Юрий Смолянинов.

Шейшемби күнү Ингушетиянын үч районунда куралчан адамдарды кармоо боюнча атайын операция башталганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG