Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

ШАЙЛОО АТААНДАШТЫГЫ: ЭКС-ЭЛЧИЛЕРГЕ ЖОЛ ЖОК, БИШКЕКТЕ ПИКЕТТЕР БАШТАЛДЫ


Парламент шайлоого талапкерлер бир четтен иргеле баштады. Экс-элчилерди шайлоодон четтетип коюунун тегерегиндеги талаш токтоло элек. Айрым басылмалар эмитен эле элди коркутууга киришти.

Шейшемби күнкү «МСН» гезити « Бийликтин жолу катуу: элчилерди элден алыс айдашкан экен» деген аталыштагы Рина Приживойттун макаласын жарыялады.

«Цивилизациялуу делген өлкөлөрдүн бир да бирөөндө өз элчилерине, дипломаттарына мындай адамгерчиликтен чыккан мамиле жасалбайт. Кеп укугу чектелген «төртөөбүздө» - Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыков, Мамбетжунус Абылов, Медеткан Шеримкуловдо деле эмес. Төртөөбүздү шайлоодон четтетип салуу менен дипломат кесибин аркалап жүргөндөрдү сыртка сүрүп салышууда. Дүйнөнүн бир да жеринде дипломаттардын шайлоого катышуусуна тыюу салышпайт. Бүгүн бизди Жогорку Кеңеш шайлоосуна катыштырбоо менен бүтүндөй бир дипломатиялык системаны четке чыгарып салышууда…»,- деп айтты экс-элчи Медеткан Шеримкулов.

Анын айтымында, элчилерди шайлоого катыштырбай, бирок да шайлоо жылын кыргыз дипломатиясынын жылы деп атоонун өзү шылдың эмей эмине.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январдагы маалымат жыйынында чоң талашты чакырган Шайлоо кодексинин 69-беренесинде белгиленген талапкердин кийинки беш жылда сөзсүз Кыргызстандын гана аймагында жашоосу жөнүндөгү чен-өлчөм парламент депутаттарынын сунушу менен киргизилген.

Шайлоо жаңы болгону менен бийликтин айла-амалы өзгөрүлбөй калганына ушул эле гезитте Елена Скородумова токтолгон. Анын маалымдашынча, № 70-Ысыккөл шайлоо округунда калк арасында «катаал Каттани» аты менен белгилүү Өмүрбек Субаналиев Ташкул Керексизов экөө амал талашканы турат.

Экс-элчилер Шайлоо кодексине ылайык талапкер катары парламент шайлоого катыша албастыгын шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити аркылуу Борборшайлооком төрагасы Сулайман Иманбаев да ырастады.

Гезиттин П.Эргешов деген автору оппозицияга азырынча президент А.Акаев менен вице-премьер-министр К.Жумалиевден башка бир да мамлекеттик чиновник позициясын билдиришпей жатканына токтолгон. «Кубулма позиция шайтандын иши» дейт гезит автору.

Экинчи бир автор Мундузбек Тентимишев парламент шайлоого камынган оппозиция жетекчилерин пессимисттер деп атап, алардын артынан ээрчиген саясий күчтөр жок деген бүтүм чыгарат. Эл «Алга, Кыргызстанды» гана ээрчийт, «өкүлдөрүнө добуш берет биз ага ишенебиз», дейт макала ээси.

Оппозиция дарегине президент А.Акаев Токмоктогу эл менен жолугушуусунда кыйла сын айтканын 11-январдагы санында «Эркинтоо» гезити маалымдады.

«Буларың жетинчи кабатка жеткендин баарын «жемелешет», жетинчи кабаттан кеткендин баарын кайра «көкөлөтүшөт». Эл кимисине ишенет?».

«Бай жашай баштаган элдин көзүн бүгүн популисттер бурмалай албайт», дейт гезит автору Айчүрөк Макешева.

«Бизге Украинада өткөн сценарий – көчүрмөнүн миң кылымда да кереги жок», дейт гезиттин дагы бир автору Ж. Осмонкулов.

«Украинанын «сары» көчөтүн Алатоого көчүрүп келебиз дегендердин дилдери комуз кылындай дирилдеп жатканы ошондон. Ошентсек, кыргыз оппозициясынын жүн баскан колун Грузиянын Президенти Саакашвили, Украинанын оппозициясынын анабашы Ющенко сыяктуулар кысат деп ишенип турушат», деп жазат Ж.Осмонкулов.

«Кыш кырааны январда роза гүлү ачылып алыптыр», деп жазды шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити. Журналист К.Мамбетовдун ырасташынча, Украинадагы ыңкылапка ыраазы болгон кыргыз оппозициясы бир жагдайды жадынан чыгарып атат.

«Сары гүл» ыңкылабы Кыргызстанда Грузия меен Украинадагыдай тынч өтөбү. Тажик варианты тутанып калк ажырап кан төгүлүп кетпейби?

Оппозициянын аракети туура эместигин айтып, шаар тынчтыгын сактоого чакырган Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын, орто мектеп директорлорунун атынан кайрылуулар гезиттин жаңы санында жарыяланган.

К.Жайлообаев деген ысымдагы автор «Батыш үлгүсүндөгү демократия» экономикалык жагынан бечел калган өлкөлөргө кантип таңууланганына токтолгон. Анын оюнча, Батыш Кыргызстандын сууларына кызыкдар. Суу байлыгына толук ээ болгон соң ал эпке келбес Өзбекстан менен Казакстанды чөгөлөтүп, бул жерге аскерин коюп Кытайдын түндүгүнө коркунуч туудурмакчы.
XS
SM
MD
LG