Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

УКРАИНА ӨЗ АСКЕРЛЕРИН ИРАКТАН ЧЫГАРЫП КЕТҮҮГӨ АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Украинанын кызматтан кетип жаткан президенти Леонид Кучма Ирактагы аскерлердин бир бөлүгүн чакыртып алуу тууралуу буйрук чыгарды. Иракта сегиз украиналык аскер курман болгондон бир күн өткөндөн кийин кабыл алынган бул чечим эксперттер жана коомчулук арасында ар башка пикир жаратууда.

Иракка каршы согушту АКШ 2003-жылы Бириккен Улуттардын чечимисиз баштаганда өз алдынча эл аралык коалиция түзгөн жана көптөгөн мамлекет ал коалицияга кирип, Вашингтонду колдоо иретинде Иракка өз аскерлерин жиберген. Бирок андан бери Испания менен Филиппин аскерлерин кайра чакыртып алды жана эми ал тууралуу Украина менен Польша жетекчилери дагы айтууда.

9-январда Ирактын Сувейра шаарынын алдында ири өлчөмдөгү курал катылган жер табылган. Аны зыянсыздаштыруу үчүн украиналык менен казакстандык аскерлер чакырылган. Отуз беш бомба жана башка курал үч машинеге жүктөлүп, шаар четине чыгарылганда белгисиз себептен кээ бир бомбалар жарылып кеткен. Анын натыйжасында сегиз украиналык менен бир казакстандык аскер курман болуп, дагы 11 адам жараат алган.

26-декабрда Украинанын жаңы президенти болуп шайланган Виктор Ющенко шайлоо өнөктүгү учурунда эле Ирактагы аскерлер мекенине кайтарылууга тийиш деп билдирген, бирок 10-январда ал тууралуу буйрукту кызматынан кетип жаткан президент Леонид Кучма чыгарганы эксперттерди бир кыйла таң калтырды. Бир чети ал аракет менен Кучма, "Файненшл таймс" гезити жазгандай, жаңы президентти артка жылдырып салган сыяктуу, экинчи жагынан, Виктор Ющенконун болочок ишин Кучма жеңилдетүүдө.

Украина Иракка 1600 аскер жиберген. Кучманын буйругу менен алардын алдыңкылары мекенине үстүбүздөгү жылдын март же апрелинде кайта башташ керек. Украина парламенти дагы 11-январда маселени карап, аскерлерди андан да ылдам кайтарса болот деп сунуштады.

Киев шаарындагы "Разумков борбору" деп аталган институттун эксперти Валерий Чалыйдын пикиринде, бул саясий аракет: "Бул күтүлгөн чечим, парламент декабрда эле атайын резолюция кабыл алып, аскерлерди чыгарып кетүүнү сунуштаган жана эми аны президент дагы тастыктады. Украиналык аскерлер Иракта кызмат өтөгөн мезгилде мурда болуп көрбөгөндөй чыгашага учуруганы, албетте, чечим кабыл алууга таасир тийгизди, бирок жалпысынан алганда, бул саясий иш".

Женева шаарында иштеген коопсуздук маселелери боюнча эксперт Жулиан Линдли-Френчтин пикиринде болсо, Украина менен Польша жетекчилери кабыл алган чечим - Ирактагы эл аралык аскерлерге кошумча жүк пайда кылат:"Украиналык жана польшалык жетекчилердин айтымында, Ирактагы шайлоо алдындагы бардык милдеттенмелерин алар аткарды жана өлкөгө суверендүүлүккө жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок, менин пикиримде, америкалык жана британиялык аскерлердин саны Иракта көбөйтүлгөнүнөн алар пайдаланып калууга аракеттенүүдө. Алардын мындай иштеринен, шайлоо алдында Иракка Вашингтон менен Лондон жиберген аскерлер эми узак мөөнөткө калууга аргасыз болот, анткени абалды стабилдүү кармаш үчүн баары бир аскерлер керек".

Польша жетекчилигинин айтымында, Иракка жиберилген аскерлер үстүбүздөгү жылы үч эсеге кыскартылат, Улуу Британия болсо 30-январга белгиленген шайлоо алдында Иракка кошумча 400 аскер жиберүүнү чечкен. Ал эми АКШ өлкөдөгү аскерлеринин санын жаңы жыл алдында жыйырма миңге жакын солдатка көбөйткөн.

XS
SM
MD
LG