Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

ООГАНСТАНДАГЫ АБАЛ ЖАКШЫРУУДА, БИРОК ЧЕЧЕ ТУРГАН МАСЕЛЕ КӨП


Нарын Айып, Прага. Ооган жана америкалык жетекчилердин айтымында, Ооганстанда октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү жагдай бир кыйла туруктуу абалга жетти, бирок жасала турган иштер дагы көп жана өлкө туш болгон негизги маселе азыр - апийим өндүрүшүнүн болуп көрбөйгөндөй өскөнү.

Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Жан Арно 10-январда уюмдун Коопсуздук Кеңешинде чыгып сүйлөп, Ооганстандагы абал тууралуу баяндады. Анын айтымында, октябрдагы президенттик шайлоодон кийин бийлик бир топ мыйзамсыз куралдуу топторду куралсыздандырды. Отуз үч миңге жакын жоокер өз куралын өкмөттүк комиссияларга өткөрүп берди, бирок жергиликтүү акимдердин кол алдындагы кеминде дагы 20 миңдей адамды куралсыздандыруу керек жана өкмөт ал ишти жайга чейин бүтүрүүнү көздөөдө.

Жаз айларында өлкөдө өтө турган парламенттик шайлоо алдында коопсуздукту камсыз кылуу бир топ орчундуу маселе, бирок Талибан кыймылынан калдыктары октябрдагы президенттик шайлоону дагы үзгүлтүккө учуратууга аракеттенүүдө. Эл аралык аскерлердин жардамы менен өкмөт абалды көзөмөлдө кармаганын ийгилик деп атаса болот.

Парламенттик шайлоонун так мөөнөтү белгилене элек, ал 21-апрелден 21-майга чейин өткөрүлүүгө тийиш жана бийлик шайлоо чөлкөмдүрүнүн чектерин да эмгиче аныктай элек. Анткен менен өкмөт алдында турган эң негизги маселе азыр - апийим өндүрүшүнүн улам көбөйүп баратканы. Арнонун айтымында, апийим азыр өлкөнүн дүң өндүрүшүнүн алтымышка жакын пайызын бере баштады. Бул маселе чечилмейинче, коопсуздук маселелери чечилет деп айтуу кыйын: "2004-жылы апийим өстүрүүгө өлкөдө болжол менен 356 миң үй-бүлө катышкан. 2003-жыл менен салыштырганда, алардын саны 35 пайызга өскөн. Апийим азыр өлкөнүн отуз төрт провинциясында өстүрүлөт жана айдоо жерлердин 56 пайызына апийим себилет ".

Декабрда өкмөт өлкөнүн жети провинциясында баңгичиликке каршы атайын программаларды ишке киргизди. Алардын алкагында апийимден киреше таап көнүп алган адамдарга башка иш менен иштеп үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш. Бирок, бул максатка жетүү өтө татаал, анткени жөн гана кирешеден тышкары, апийим өндүрүүдөн баш тартуу үчүн эрк керек. Ооганстанга эң көп каржылык жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн бири Жапания жана анын Бириккен Улуттардагы элчиси Кэнзо Ошиманын айтымында, программаларды ишке ашыруу үчүн эбегейзиз каражат да керек болот: "Маселе канчалык татаал экенин биз жакшы түшүнөбүз, бирок өлкөгө тынчтык менен стабилдүүлүк алып келип, аны өнүгүү жолуна салуу дагы ошончолук маанилүү".

Талибдер бийликте турганда апийим өндүргөндөрдү өлүм жазасына чейин кесип отуруп, өндүрүштүн көлөмүн бир кыйла кыскарткан, бирок Талибан бийлиги кулатылгандан кийин жумушсуздуктун айынан эл кайрадан эле апийимге кайрылган. Кээ бир эл аралык уюмдар апийимин чаап салып, аны өрттөгөндөргө ошол апийимдин баасын накталай акча менен төлөп берүү демилгесин да көтөргөн. Бирок эл андан да пайда таап, эл аралык уюмдардын дагы акчасын алып, жок кылынды делген апийимди да сатып жиберүү ыкмаларын тапкан.

Бириккен Улуттардын Кылмыштуулук жана баңгичиликке каршы күрөшүү башкармалыгы 18-ноябрда чыгарган отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, 2003-жылы Ооганстанда төрт миң 600 тонна апийим өндүрүлгөн, андан түшкөн киреше эки миллиард 800 миллион долларга жетип, өлкөнүн жалпы дүң өндүрүшүнүн 60 пайызын түзгөн.
XS
SM
MD
LG