Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

БИЙЛИК ӨЗҮНӨ ЖАКПАГАНДАРДЫ КУУГУНТУКТАЙ БАШТАДЫБЫ?


Бүбүкан Досалиева, Бишкек. Кыргызстанда акыркы кезде саясий кырдаалдын курчушу менен кошо оппозиция өкүлдөрүн маскаралап, алар АКШ долларына барабар деген сөздөр алар турган үйлөрдүн бооруна жазылып, айрым депутаттардын айдоочулары белгисиз бирөөлөр тарабынан опузалана баштады. Оппозиция мындай окуяларды куугунтуктоо деп баалап жатат.Анын себеби эмнеде?

Американын долларынын сүрөтү тартылып, ага Кыргызстандын коомдук турмушунда салмагы бар саясатчылар менен укук коргоочулардын аттары кошулуп жазылган «сары түстөгү» сөздөр адегенде 9-январдан 10уна караган түнү пайда болгон. Алар укук коргоочулар Наталья Аблова, Төлөкан Исмаилова, депутат Азимбек Бекназаров, экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева, саясатчы Топчубек Тургуналиев, журналист Замира Сыдыкова турган үйлөрдүн бетине жазылды. Андай жазуулар «Сорос-Кыргызстан» фонду жайгашкан имарат менен «Сары-Челек» мейманканасында да пайда болду. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев аны бийликтин оппозицияга каршы ачкан «согушу» деп баалап, ага президент Аскар Акаевдин оппозиция чет өлкөдөн каражат алып, революция жасаган жатат деген билдирүүлөрү түрткү берди деп билдирди.
Ал эми «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова мындай көрүнүштөр оппозиция өкүлдөрүн өз аракеттеринен баш тартуу үчүн атайын жасалып жаткан «психологиялык чабуул» деп баалады:

-Дайыма шайлоо алдында ушундай иштер пайда болот. Бир гана өкүнүчтүү жери бул психологиялык, моралдык басым болгондуктан үй-бүлө мүчөлөрүнө өтө катуу таасир тийгизип жатат. Ушул гана нерсе өкүндүрөт. Бирок,биз моралдык, материалдык жактан өзүбүздү камсыздап алганбыз.-

Төлөкан Исмаилова турган үйдүн бетине бир метр 20 сантиметр бийиктикте жазылган жазуу боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, иликтей баштады.

Расмий бийликтин саясатына каршы өз пикири бар адамдарды куугунтуктоо күчөдү деген көз карашты Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязовдун айдоочусунун белгисиз бирөөлөр тарабынан кармалып, коркутулушу бекемдегенсиди. Айдоочусу гана эмес бүт тууган-жакындарынын ишмердүүлүгү текшерилип, коркутулуп жаткандыгын кабарлаган депутат ал тууралуу өз оюн:

-Бийликтин куугунтугу болбогондо кимдин куугунтугу? Бул кимдин колунан келет эле? Ооба, мен муну атайын жасалган саясий буйрук, бийликтин куугунтугу, коркутуп -үркүтүүсү деп баалап жатам. Көрдүңүздөрбү? Менин айдоочумду кармап, машинага баңги затын таштап коюп кармап, анан керектүү маалыматтарды айтпасаң 8 жылдан 15 жылга чейин түрмөгө кетесиң деп коркутуп жатат. Анын үстүнө алардын иштөө ыкмасын байкадыңарбы? Атайын эки күбө алып келип, баңги затын алардын көздөрүнчө алып, документтерин толтуруп туруп, анан айдоочумду шаардын четине алып барып жатат! ,- деп билдирди.

Бул окуядан кийин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Азимбек Бекназаров менен Замира Парманкуловдун кызматтык машиналарын тартип коргоо органдары камап койгондугу маалым болду.

Ушундай окуялардан улам оппозиция өкүлдөрү тымызын куугунтуктоолор атайын даярдалган сценарий менен коркутуу үчүн жүргүзүлүп жатат деген ишенимде бекем турушат. Өлкөнүн коопсуздугун көзөмөлдөөчү Улуттук коопсуздук кызматы көңул бура турган маселе эмес дегендей түшүндүрмө берген жери жок. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жангараев ички иштер кызматкерлеринин окуяларга эч кандай тиешеси жоктугун:

- Биздин Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин же оперативдүү кызматтарынын бул ишке эч кандай тиешеси жок. Анткени, ушул убакка чейин ушундай көрсөтмө же башка аракеттер болгон эмес. Азыр, албетте, бул окуялар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Биз дагы коомчулук алдында бул иштерге эч кандай тиешебиз жок экендигин айгинелөөгө аракет кылып жатабыз. ,- деп билдирди.

Ал эми «Эл аралык толеранттуулук үчүн» аттуу фонддун төрайымы Рая Кадырова шайлоо алдында мындай куугунтуктоолор күч алышы мүмкүн, ошон үчүн укук коргоочуларды жана алардын жакындарын коргоочу атайын уюм түзүп, коргоого алууга мезгил жетти деген ойдо:

- Ушундай абал түзүлүп жаткандан кийин укук коргоочуларды жана алардын жакын туугандарын коргоо боюнча атайын бир фонд уюштурубуз керек. Анткени, бүгүнкү Кыргызстанда жалгыз эле укук коргоочулар эмес, алардын жакындары, достору, кошуналары коркунучта болуп калды.
XS
SM
MD
LG