Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

ӨЛКӨДӨ ИНФЛЯЦИЯ ТӨМӨН


Сапар Орозбаков, Бишкек. Расмий маалымат боюнча инфляция жылдан жылга төмөндөп барат. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун шаршембиде билдиргенине караганда, ал өткөн жылы 2,8% түздү. Айрым эксперттер буга ишенишпейт. Алар керектөө товарларынын баалары мурдагыдай секирик жасап өспөгөн менен, инфляциянын деӈгээли расмий маалыматтарга салыштырмалуу бир кыйла жогору деп эсептешет.

Баа эркин кое берилген 90-жылдардын башында инфляция 800% жетип, 95-жылдан тартып гана ал басаӈдаган болчу. Расмий маалыматтарга караганда, 2001- жылдан тартып ал 10% жетпеген деӈгээлге түшүп калды. Өткөн жылы болсо, инфляция, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун айтымында, 2,8% түздү:

-Керектөө товарларынын баасынын өсүү темпинин төмөндөшү байкалат. Жалпысынан бул көрсөткүч өткөн жылы 2,8% түздү-деди Улан Сарбанов шаршембиде журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп.

Анын айтымында, өткөн жылы нандын баасы 8,5%, сүттүн баасы, 21%, эттин баасы 8,9% өскөн. Баарынан көп кымбаттаган жемиш болгон. Анын баасы жыл ичинде 27% жогорулаган.

Улуттук банктын төрагасы баасы төмөндөгөн товарлардын ичинен жалгыз гана жашылчаны атады:

-Ошол эле мезгилде тамак-аш продуктыларынын ичинде төмөндөө да болду. Баардыгынан көп төмөндөө жашылча боюнча байкалды. Бул - 41,5%. Жашылчанын баасынын төмөндөшү жакшы түшүмдүн натыйжасы – деди Улан Сарбанов.

Баа канчалык төмөн болсо, карапайым элге ошончолук жакшы экени айтпаса да түшүнүктүү. Кыргызстандагы инфляциянын деӈгээли өнүккөн өлкөлөргө мүнөздүү эӈ төмөн инфляция. Расмий маалыматтарга караганда, КМШ өлкөлөрү биздин мындан 3-4 жылкы мурдагы инфляциянын деӈгээлине азыр да жете албай жатышат. Улан Сарбановдун айтымында, ал өткөн жылы Орусияда 11,7%, Казакстанда 6,7% болду.

Бирок, көпчүлүк адамдар баа өскөн жок дегенге ишенишпейт. Алар билинбеген менен баардык товарлардын баасы акырындап көтөрүлүп жаткандыгын айтышат. Бирок муну ишкер Өмүрбек Абдрахманов төгүнгө чыгарды. Ал инфляция өткөн жылы, Улан Сарбанов айткандай эле 2,8% болду болуш керек деп божомолдойт:
- Менин оюмча, ишенсе болот. Анткени биздин экономиканын – ички дүӈ продуктынын 40% айыл чарба продукциялары түзөт. Айыл чарба продукциялары, өзүнүздөр билгендей, арзандагандан арзандап жатат. Мына, картошка азыр 1,5 сом. Ошондуктан 2,8% инфляция туура болушу мүмкүн.- дейт ишкер Өмүрбек Абдрахманов.

Ал эми окумуштуу Айылчы Сарыбаев болсо инфляцияны эсептөөдө кемчиликтер, тактап айтканда мурдагы Советтер Союзу заманындагыдай кошуп жазуулар бар деп эсептейт:

-Жашылчаны биздин кыргыз эли. өзгөчө айылда жашагандар пайдаланбайт. Бул алардын рационунда ашып кетсе 5-10 % түзөт. Товарлардын ичинде кандайдыр бир товар көп болуп, анын баасы канчалык көтөрүлсө, инфляция ошончо болуш керек. Биздин айыл жериндеги кыргыздардын негизги тамагы – нан, сүт жана эт. Алардын баасы өсүп жатса, кантип инфляция төмөн дейбиз –деди Улуттук мамлекеттик университеттин профессору Айылчы Сарыбаев.

Коомчулукта Улуттук банк жүгүртүүдөгү акча массасын чектеп, инфляцияны жасалма түрдө азайтып жатат деген пикир кеӈири тараган. Бул жагынан биз кепке тарткан адистердин ою бир жерден чыгып жатат:

-Биз инфляцияны жасалма түрдө азайтып жатабыз. Канча жылдан бери айлык өсө элек. Ички дүн продукт 40% өстү. Айлык болсо өсө элек. Бул да инфляцияны кармап турат –дейт Айылчы Сарыбаев.

Өмүрбек Абдрахманов инфляциянын деӈгээлинин жогору болушу кандай зыян болсо, анын төмөн болушу да ошондой эле зыян экенин белгилейт:

-Инфляцияны күч менен ылдыйлаткан да зыян. Анткени, акчаны көп чыгарбай койсо, товарлар арзандайт. Товарлар экспортко жөнөтүлбөйт. Бул да экономикага терс таасир берет- дейт Өмүрбек Абдрахманов.

XS
SM
MD
LG