Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Ысыккөл облустук кеңешинин кезектеги 24-сессиясы өттү


КАРАКОЛ. Сессияда 2005-жылга облустун бюджети бекитилип жана 2004-жылдагы облустук бюджетке өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилди. Ошондой эле облустук Кеңештин депутаттары облустук шайлоо жана №71 Түп аймактык шайлоо комиссия курамдарынын жаңы мүчөлөрүн бекитишти. Мындан тышкары облустун аймагында мыйзамсыз пикеттерди, жөө жүрүштөрдү уюштурууга жол бербөө жөнүндө маселе да сессиянын күн тартибине коюлду. Облустук Кеңештин төрагасы Баттал Бозкөрпөевдин айтымында, облустун аймагында майрам жана ишемби, жекшемби күндөрү элдин ыркын кетирүү, ынтымакты ыдыратуу максатын көздөгөн митингдерге, пикеттерге, жөө жүрүштөргө, ошондой эле жергиликтүү бийлик ээлеринин, тиешелүү мекеме, уюмдардын уруксатысыз чатырларды тигүүгө тыюу салуу тууралуу облустук Кеңеш тарабынан токтом кабыл алынды. Бул токтомду бекитип берүү тууралуу борбордук шайлоо комиссиясына сунушталды. Аталган токтом мыйзам чегинде облустук юстиция башкармасынын кеңеши боюнча кабыл алынды, деди Бозкөрпөев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG