Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:34

Кыргызстандын мурдагы элчиси Үсөн Сыдыков Майлусуу шаардык сотуна кайрылды


ЖАЛАЛАБАД. Экс-элчи Үсөн Сыдыков Жогорку Кеңеш депутатынын талапкерлигине каттабаган Жалалабат облусундагы №23 Майлуусуу округдук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну өтүндү. Сыдыковдун пикиринде округдук шайлоо комиссиясы борбордук шайлооком менен бийликтегилердин көрсөтмөсүнө баш ийүгө аргасыз болгон жана чечим мыйзам бузуулар менен кабыл алынган. Бийликтегилер мыйзамды өздөрү бузуп, административдик ресурстар аркылуу социалдык мобилизациялоо жылынын шылтоосу менен элге түрдүү кызматтарды көрсөтүмүш болуп, шайлоону адилет өткөрбөөгө эмитен аракеттенүүдө. Шаардык сот калыс чечим чыгарбаса жогорку, конституциялык, андан кийин эл аралык сотко кайрыларын билдирген Үсөн Сыдыков азыркы бийликтин анык жүзүн ачаарын маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG