Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Эки мыйзамчы-депутаттын кызмат машинелери камоого алынды


БИШКЕК. 12-январда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун кызмат машинеси мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлери тарабынан камоого алынды. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, айдоочуга мас абалында машинасын айдаган деп күнөө коюлгандыгы негизсиз. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Замирбек Парманкуловдун машинасы да Бишкекте мамлекеттик авто инспекциясынын кызмакерлери тарабынан жол эрежесин бузду деген себеп менен камоого алынды. Депутат мындай иш-чараны анын борбор калаада болгон нааразылык акцияга катышкандыгы менен байланыштырды. Буга чейин, 10-январда «Атажурт» кыймылынын өкүлү Болот Шерниязовдун айдоочусу белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, сабалган.

XS
SM
MD
LG