Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Студенттер Бермет Акаевадан депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүшүн өтүнүштү


БИШКЕК. 12-январда Улуттук университеттин имаратында аталган окуу жайдын студенттеринин жана «Агахан» Фондунун Кыргызстандагы долбоорунун координатору Бермет Акаеванын катышуусунда жыйын өттү. Университеттин Жаштар Комитетинин жетекчиси Данияр Иманалиев Бермет Акаева парламенттик шайлоого Бишкек шаарындагы №1 Университет шайлоо округунан өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүсүн өтүнүп, 4950 студент кол койгон тизмени тапшырды. 300 дөн ашуун студент катышкан жыйында алардын айрымдары сөз сүйлөп, Бермет Акаева парламентке депутат болууга татыктуу деген пикирлерин билдиришти. Ал эми Бермет Акаева студенттердин мындай сунушу ал үчүн күтүүсүз болгондугун белгилеп, парламенттик шайлоого катышуу боюнча жообун эки күндөн кийин билдире тургандыгын маалымдады. Буга чейин, Бишкектеги бир катар жаштар бейөкмөт уюмдары алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо жаштарды бийликтин кызыкчылыгында пайдаланууга жол бербейбиз деген билдирүүсүн таратышкан.

XS
SM
MD
LG