Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Сайлык айылынын тургундары Бишкек-Торугарт жолун тосушту


БИШКЕК. Чүй-Токмок районуна караштуу Сайлык айылынын 100 ашуун тургуну 12-январда эртең мененки саат 10 чукул Бишкек-Торугарт автожолун тосушуп, нааразылык акцияга чыгышты. Алар “Бишкек шаардык соту тарабынан 644 гектар жердеги жүзүм өсүмдүгү “Бакай” акционердик коомунун пайдасына чечилген”,-деген жалган маалыматты угуп алышып, ушундай кадамга барышкан. Эл менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, нааразылык акциясы таркатылды. Мындай маалымат Чүй-Токмок мамлекеттик администрациясынын башчысы Акылбек Иманбек уулунан алынды. Анын айтымында, Сайлык айылынын жашоочуларына бөлүнгөн 644 гектар жер үлүшүндөгү жүзүм өсүмдүгү жер ээлеринин менчиги. Ал эми “Бакай” акционердик коому менен талаш туудурган акча каражаты жер ээлеринин пайдасына чечилет.

XS
SM
MD
LG