Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

«Адилет» партиясынын курултайы өттү


БИШКЕК. «Өлкөдөгу стабилдүүлүккө доо кетирип жаткан оппозицияга карата биз сокку урушубуз керек». Мындай пикирин 12-январда Бишкекте Улуттук Илимдер Академиясынын имаратында өткөн «Адилет» партиясынын 4-курултайында анын тең төрагаларынын бири, Биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев билдирди. Курултайдын ишине партиянын 250гө жакын делегаты катышты. Жыйында партия мүчөсү, белгилүү хирург Мамбет Мамакеев президент Аскар Акаевге өлкөдө азырынча атаандаша ала турган саясатчы жок деген көз карашын айтты. Курултайдын катышуучулары парламенттик шайлоого талапкер катары партиянын атынан 29 адамды көрсөттү. Мындан тышкары партиянын 20 өкүлү парламенттик шайлоого өз алдынча талапкерлигин көрсөтө турган болду. Ал эми Кыргызстан Элдик кыймылынын өкүлү Топчубек Тургуналиев бийлик өкүлдөрү оппозицияга карата ачык маалымат согушун жарыялап, саясий куугунтукту баштады деген көз карашын «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG