Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Украинанын президенти болуп шайланган Ющенко кызматына кирише албай жатат.


Украинадагы президенттик шайлоодо утулган премьер-министр Виктор Янукович жаңы арыз менен Жогорку сотко дагы бир жолу кайрылууга даярданып жаткандыктан, шайлоонун расми жыйынтыктарын жарыялоо кийинкиге калтырылды. Анткен менен Жогорку сот анын мурдагы арыздарынын баарын четке каккан жана Януковичтин айтымында, эгер бул жолу да ошондой болсо, ал Европалык сотко кайрылат: "Эгер сот менин талаптарымды аткарбаса, биз, мыйзамдарга ылайык, Адам укуктары боюнча европалык сотко да кайрылышыбыз мүмкүн. Кайталанган добуш берүүнүн жыйынтыктарын биз эч качан тааныбайбыз". Януковичтин арыздарынын баары каралып бүткөнчө, шайлоодо жеңип чыккан Виктор Ющенко президенттик кызматка кирише албайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG