Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

ИРАКТЫН АЙРЫМ АЙМАКТАРЫНДА ШАЙЛОО ӨТПӨЙ КАЛЧУДАЙ


Венера Сагындык кызы, Прага Ирактын утурумдук премьер-министри Ийад Аллави 30-январга белгиленген шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаал дале кооптуу бойдон калып жатканына көңүл бурду. Байкоочулар дегеле ушундай шарттарда Ирактагы парламенттик шайлоо калыс жана ачык өтүшү мүмкүнбү? – деген суроону талдап жатышат.

Шейшембиде Багдадда кабарчылар менен жолугушуу маалында Ирактын утурумдук премьери Ийад Аллави өлкөнүн айрым аймактарында шайлоо өтпөй калышы мүмкүн деп эскертти, бирок ал кайсы региондор экенин тактап айткан жок. Өткөн аптада Америкалык аскердик жетекчилердин бири Ирактын суннит араптар үстөмдүк кылган 4 чөлкөмүндө добуш берүүнү уюштурууга тийиштүү шарттар түзүлө элек деген пикирин билдирген.


Ошентсе да, АКШнын жана Ирактын ырасми өкүлдөрү шайлоо убагында өтөт деп кайталап келатышат. Өткөн аптада Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактын премьери Аллави менен 3 ирет телефон аркылуу байланышып, 30-январдагы шайлоого карата даярдык маселелерин талкуулаганын Багдаддык жетекчилер ырасташты.


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд шейшембиде өткөн маалымат жыйынында Ирактагы шайлоо эң ириде өлкөнүн азыркы бийлигине элдин ишенимин күчөтүп, колдоо алып келээрине басым жасады.

- Коалициялык күчтөрдүн бирден-бир максаты – Иракты ирактыктар башкарып, коопсуздукту Ирактын күчтөрү көзөмөлдөшүнө жетишүү. Ирактын эли жана утурумдук өкмөт бул багытта көп иштер жасашты, бирок алдыда дагы аткарылчу милдеттер көп.


Пентагондун жетекчиси ошентип, Американын эң башкы максаты – Багдаддагы бардык бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү экенин дагы бир ирет бышыктады.

Ал анткен менен, АКШнын "Нью-Йорк Таймс" гезити шаршембидеги санында Ирактагы шайлоону кийинкиге жылдырууга үндөп чыкты. Редакциянын көз карашында, Иракта азыркыдай кооптуу шарттарда шайлоо өткөрүлсө, маселен, суннит араптар болочок парламентке шайлануу укугунан ажырап калышы ажеп эмес. "Шайлоо 2-3 айга кийинкиге жылдырылса, Ирактагы кырдаал өзүнөн-өзү жайланышып кетпейт, бирок ал жактагы суннит араптар биздин көйгөйлөрүбүз да эске алынат экен деп канагаттанып калмак", - деп кеңеш берет ырасми Вашингтонго "Нью-Йорк Таймс" гезити.


Ирактык сунниттердин башкы саясий кыймылы - Исламдык партия өткөн аптада парламенттик шайлоого катышпаарын жарыялаган, анткени алардын пикиринде, өлкөдөгү опуртал кырдаал алардын жактоочуларынын добуш берүүгө толук кандуу катышуусуна жол бербейт. Аларга айрым башка суннит лидерлери үн кошуп, шайлоого бойкот жарыялашкан.


Швециядагы Демократия институтунун эксперти Виржиния Бераменди-Хейненин айтымында, Ирактагы шайлоонун жыйынтыктарын, айрым шарттар алдында, эл аралык коомчулук кабыл алышы мүмкүн.

- Биздин принциптерден алганда, эң башкысы – ирактыктар өз эркин эч кимдин кысымынан коркпой, чоочулабай билдириши керек. Эгерде Ирактын эли шайлоодо өз талапкерин эркин тандаса, болочок Улуттук жыйын, же парламент шайланган болуп эсептелет, - дейт Стокгольмдук эксперт.



Ал тапта Ирактын ар башка аймактарында козголоңчулардын кол салуулары улантылып, шейшембиде Анбар провинциясындагы шайлоо комиссиясынын 13 мүчөсү өмүрүнүн коопсуздугунан коркуп, белгисиз адамдардан опуза кат алганын жарыялап, кызматынан баш тартышты.

30-январда тандала турган Ирактын Улуттук жыйыны өлкөнүн жаңы өкмөтүн бекитип, андан кийин Саддам Хусейндин режими кулагандан кийинки алгачкы Конституцияны даярдап кабыл алышы керек.
XS
SM
MD
LG