Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

АСКАР АКАЕВ ЭЛДИ «САРЫ ТУМООГО» КАРШЫ ТУРУУГА ЧАКЫРЫП, БЫЙЫЛ ТУРАК-ЖАЙ КӨЙГӨЙҮН ЧЕЧҮҮНҮ УБАДА КЫЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Президент Аскар Акаев мамлекеттик активди чогултуп, элге кайрылуу жасады. Анда Эски аянтта пикет өткөргөн саясий кыймылдардын жүрүшүн ыңкылаптын сары тумоосун жугузуу аракети катары баалады. Ал эми мамлекет башчынын социалдык стабилдүүлүк жана турак жай куруу деген урааны быйыл парламенттик жана президенттик шайлоолор катар келгендиктен аткарыларына күмөн санагандар бар.

Мамлекет башчынын айтымында, шайлоолор боло турган ушул жылы да Аксы башаламандыгын чыгарган күчтөр сыяктуу эле өлкөдө кырдаалды курчутуп, башаламандыкка алып келгиси келгендердин колу кычышып атат. Эски аянтта пикет өткөрүп аткан күчтөрдү ыңкылаптын «сары тумоосун» жугузгусу келип аткандар катары мүнөздөдү. Аскар Акаевдин айтымында, бийлик туш тараптан сокку уруп аткан сындарга, соккуларга туруштук берип, демократия үчүн жалгыз күрөшүп келсе, эми демократия жалпы коомчулуктун олжосуна айланганына кубанат.
-Ирония ушунда. Кечээ эле стабилдүүлүк жана мыйзамдуулукка багыт коюуга бизди ынандырып жүргөн адамдар бүгүн ызы- чуу кылып, мамлекеттик бийлик менен Борбордук шайлоо комиссиясына басым жасаш үчүн мыйзамдарды четке кагып, топ провокаторлордун буйуртмасы менен жашаган пикетчилердин тобун уюштурушууда. Ошондуктан элди чагымчыларга жана сырттан ыңкылап алып келгиси келгендерге ар тараптан каршы турууга чакырам, - деди Аскар Акаев.

Мамлекет башчысы бул кайрылуусунда бул жылды социалдык стабилдүүлүк менен турак- жай куруу жылы катары жарыялады. Өлкөдө турак- жай кору жалпысынан 61 миллион чарчы метр экен. Бирок, калктын жарымынан көбүнүн үстүндө үйү жок экени белгилүү. Мамлекет башчынын айтымында, быйыл муниципалдык менчиктеги жана кооперативдерге тиешелүү үйлөрдү куруу башталышы керек. Ошондой эле ипотекалык кредит берүүнү жайылтууга аракеттер башталарын билдирди. Бирок, дал ушул шайлоолор боло турган жылы мындай өңүттөгү социалдык максаттар турмушка ашпайт деген пикирлер бар:
- Быйыл деген мамлекеттик бийлик дагы, эл дагы шайлоо менен алек болот да. Саясат жылы деп коюш керек. Анан быйыл үй курабыз, социалдык долбоорлорду ишке ашырбаыз деген болбогон кеп. Президент быйыл элге жаккыдай социалдык ураандарды көтөрүп жөн эле элдин көңүлүн алып атат, - дейт Исхак Масалиев.
Учурда Кыргызстанда «Энергобанк», «Демирбанк» өңдүү саналуу гана банктар турак- жай алууга кредит берип келет. Бирок, шарттары оор. Эгер узак мөөнөткө накта ипотекалык кредиттер бериле баштаса калктын жашоо турмушу кескин өзгөрөрү дайын. Тилекке каршы, Кыргызстанда учурда турак-жай курулушун жандандырууга реалдуу шарт жок дешет адистер. Жогорку Кеңештин депутаты, «Ыссыккөлинвестбанктын» жетекчиси Болот Байкожоев бир нече себептерди көрсөттү:
-Турак- жай курууга инвестиция салыш үчүн экономикалык шарттар болуш керек. Мисалы, биздин банк деле салууга даяр. Бирок, ага экономикалык шарт жок да. Биринчиден, мамлекеттик бийлик бутактарындагы коррупция дароо бут тозору анык. Ошондон улам көмүскө бизнес күчөп атат. Ипотекага мыйзамдык база даяр эмес, даяр болгон күндө да бизде алар аткарылбайт, - дейт Болот Байкожоев.
Анын айтымында, турак- жай курулушуна өзү деле инвестиция салгысы келет, бирок жогорудагы жагдайлардан улам чочулайт.
XS
SM
MD
LG