Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

АЖЫГА БАРУУ - ЫЙЫК САПАР


Кубат Оторбаев, Прага 18-январда Меккеде ажылыктын негизги иш-чаралары башталат жана ал 5 күнгө созулат. Жылдагыдай эле бул ирет да Борбор Азия мамлекеттеринен зыяратка миңдеген адамдар барышты. Алар жол азабын тартып, узак чакырымдарды арбытышканына карабай мусулмандыктын бир парзынан кутулууну өздөрүнүн бактысы деп эсептешет.

Алгач - быйыл ажылыкка Борбор Азия мамлекеттеринен канча адам барарын билип алалы: “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бул аймактагы беш өлкөдөгү кабарчыларынын топтогон маалыматтарына караганда Кыргызстандан 4500 мусулман, Өзбекстандан 4200, Тажикстандан төрт миң, Казакстандан бир жарым миң, Түркмөнстандан 188 мусулман быйыл ажылыкка аттанышты. Ошондо баары болуп Борбор Азиядагы беш мамлекеттен 13 500дөй адам экен.

Жылдан жылга Меккеге барууну каалагандар көбөйүп жатыптыр. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов аны эки себеп менен түшүндүрөт. Биринчиден, элдин жашоо-турмушу бир аз жакшырып, акчасы пайда болду. Экинчиден, исламга карата мамиле өзгөрдү. Быйыл автобус менен ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык мусулмандар Түркмөнстан, Иран, Сирияга виза ачтырууда бир топ кыйналышты. Ушундан улам мындан ары жалаң гана учак менен баруу тартиби киргизилип жатат. Быйыл деле Меккеге учактар менен жеткендер болду. Алар самолеттордун багытына жараша 1200дөн 1600 долларга чейин төлөштү. Ал эми автобус менен баргандар 800 доллардан беришти.

Өзбекстанда да мусулмандык бир парзды аткарууну каалагандардын саны өсүүдө. Эгер былтыр 4000ге жетип жетпеген адам барса, быйыл төрт миңден ашты. Өзбекстандын дин иштери боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Шухрат Исмаилов бул маалыматты мындай деп бышыктады:

- Эгер жыл сайын төрт миң адам ажылыкка бара турган болсо, быйыл андан көп болуп, төрт миң эки жүз адам болду.

Негизи Кабанын кара ташына сыйынууну быйыл Өзбекстанда 6 миңдей адам каалаган. Бирок алардын төрт миңден бир азы ашыгы гана мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Эл арасында “чиновниктер ажылыкка барууну каалагандардан кошумча акча алат экен, пара бергендер гана тизмеге кошулат экен” деген маалымат тараган. Андай сөздөрдү Шухрат Исмаилов ушак дейт:

- Ажылык маселесинде андай иштер жасалбайт. Адамдар ушак чыгарышып, кеп кылса кеп кылып жаткандыр. Бирок зыяратка баруу ыйык иш. Бул уулу соопчулукка шерик болуп калалы деп, адамдарга жардам берип жатабыз. Антип акча алып, куулук-шумдук кылыш ыйманга туура келбейт.

Өкмөттүк чиновниктин айтымында ажылыкка баргандардын алды 25-январдан тартып Өзбекстанга кайта башташат. Ал эми жол киренин акысы былтыркыдан көбөйгөн жок:

- Былтыркы нарктан дээрлик ашкан жок. Эгер өткөн жылы 2 миллион 130 миң сум болсо быйыл да ошондой баа сакталды, - дейт Шухрат Исмаилов.

Эгер бул 2 миллион 130 миң өзбек сумун Американын акчасына которсок 2000дей доллар болот экен. Көпчүлүк мусулмандар үчүн бул чоң акча. Сурхандарыялык 80 жаштагы карыя көп жылдан бери акча топтоп жүрүп, тилегине быйыл жетип жатканын айтты.

Тажикстанга келсек бул өлкөдөн быйыл төрт миңдей мусулмандар ажылыкка жөнөштү. Самолет акысы 1800-2000 доллар. Дүйшөмбү шаарынын тургуну, азыр Меккеде ажылыкка парзын өтөп жаткан Хабиба Боймирзоева мусулмандар үчүн ыйык жерге Тажикстанда дайыма тынчтык болсо экен, балдарыбыздын келечеги кең болсо экен деген аруу тилек менен келдим дейт:

- Мен ажылыкка Тажикстанда ылайым тынчтык болсун, көп-көп жумуш орду болсун деген тилектемин. Жумуш орду өлкөбүздө көп болсун, балдарыбыз иш издеп Орусияга кетпесин – каалаганым ушул.

Казакстандан болсо быйыл Меккеге бир жарым миң адам аттанды. Былтыр бир миң эки жүз мусулман өз парзын өтөгөн. А негизи Сауд Аравиясы Казакстанга он миң адам үчүн квота берген.

Быйыл дагы мурдагы жылдардай эле Казакстандын диний башкармалыгы “Спутник” туристтик фирмасынын кызматынан пайдаланып жатат. Бир жарым миңге жакын адамдын үч жүз элүүдөйү ушул фирма аркылуу ар бири 2400 доллар төлөп кетишти. Ал эми “Аттан Казакстан” уюмунун жетекчиси Амантай ажы Асылбек бул баанын өтө эле кымбаттыгын, былтыр 40 адамдын ар бирин 1300 доллардан Меккеге алып барып келгенин айтты.

Зыяратка казакстандыктарды узатып жатып Казакстан мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Абсатар ажы Дербишаалы уулу Меккеден 20 чакырым алыстагы Арафат тоосуна барбаган адамдын мусулман болуп кайтышы күмөн экендигин айтты.

Ал эми Түркмөнстанга келе турган болсок быйыл бул өлкөдөн 188 адам Сауд Аравияга 13-январда учак менен жөнөштү. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын маалыматы боюнча Меккеге баруучулардын тизмесин өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматынын, президенттик администрациянын өкүлдөрү түзөт. Балким аны Түркмөнбашынын өзү карап чыгышы да ыктымал. Ошондуктан зыяратка өтө тандалган, ишенимдүү, бийликке өтө жакын гана адамдар барат.

Анын үстүнө Меккеге баруучуларга манатты долларга атайын уруксат менен алмаштырууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул болсо материалдык жактан өтө чоң колдоо. Анткени ырасмий курс менен базардагы курстун ортосунда беш эсе айырма бар. Анан да ажылыкка бараткандарды Түркмөнстандын бийлигинин атайын өкүлдөрү дайыма коштоп жүрүшөт. Сапар карыганда өкмөт адамдары аларды ошол эле алып барган учак менен кайра алып келишет.
XS
SM
MD
LG