Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

14-январга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун кабарлоосу боюнча 14-январда өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:
ТАЛАС өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5 градус суук.
ЧҮЙДӨ түнкүсүн -3...-8 градуска суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -4...-9, чыгыш тарабында -8ден ...-13 градуска чейин суук болот. Күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +1ден...+6 градуска жылыйт.
НАРЫНДА түнкүсүн -17...-22, ал эми күндүз -7...-12 градуска суук болот.
БИШКЕК шаарында кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6 градус суук, күндүз -1 градус сууктан +1 градуска жылуу.

Жаңылыктар топтомун даярдагандар Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана областагы кабарчылар даярдашты.

Редактору Султан РАЕВ.

XS
SM
MD
LG